www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Булардын сырткы көрүнүшү эле кыргыз, ал эми ичи эмне? Алар биздин келечектеги муундар тууралуу ойлонушпайт.
Мындай пикирин бүгүн, 4-декабрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Евгения Строкова айтып чыкты.
- Мен эртеңкиге чейин күтө албайм. Чын дилимден биздин премьер-министрдин кадр маселесине күйүп жатам. Адамдарды бузукучулукка алып барып жаткандар башкасын коелу, дал билим берүү тармагынын жетекчилигине кызматка коюлуп жатат. Кайсы жерде чуу болсо, Рита Карасартова ошол жерде. Атамбаевдин бийлиги учурунда ага каршы болчу, качан ал тарапта чуу чыга баштаганда, ал ошол жакка өтө качты. Аны эмнеге бул тармакка алып барды? Билим берүү тармагын талкалатуу үчүнбү? Мен билбейм, бирок, чынын айтып коеюн, ошол премьер-министр менен Карасартовага караганда өзүмдү кыргыз катары жогору сезем. Булардын сырткы көрүнүшү эле кыргыз, ал эми ичи эмне? Алар биздин келечектеги муундар тууралуу ойлонушпайт. Мына, феминисттердин көргөзмөсүн алалы. Булардын баары атайын чагым катары уюштурулган. Алар дал ушундай карама-каршылыктар болоорун билишкен, ушуга даярданышкан. Качан бизде тартип болот? Он миң бейөкмөт уюм деген бир да мамлекетте жок! Келгиле, тартипке салалы. Башка өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн иштегендерди гана калтырып, калганын жабуу керек!" - деп ачууланды депутат айым.
Булак: NazarNews.kg