www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, коомдук ишмер Вахаб-Бостон Умаров редакциябызга капыл-тапыл баш бакты.

Биз дагы ага күтүлбөгөн суроолорубузду капысынан эле узатып, таптакыр ойдо жок гана жоопторду уктук.

- Вахаб агай, кебетеңизге караганда, бир нерсеге абдан катуу кабатырлангандай түрүңүз бар?

- Ананчы!

- Эмнеге?

- Кымбаттуу мекендештерим! Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун мындан ары дагы кудум ушул калыпта өтө үзүрлүү иштешине эч бут тоспогула, айланайындар? Бул мамлекеттик ишмер Кыргызстаныбызды жаркын келечекке карай тайманбастан гана баштап баратат. Дал ушул туура жолдон аны эч адаштырбайлы?

- Көзү ачыктык кылбаңызчы?

- Жо-жок! Чындап эле.

- Маселен, кантип?

- Кыргыздын кайсыл президенти жемкорлукка каршу аеоосуз күрөш жарыялап, а түгүл кыйышпас досун дагы моминтип түрмөгө олтургузду эле? Мына, экс-президент Алмазбек Атамбаевди акыры абакка киргизди го. Биргездеги жосунсуз жоруктары үчүн мурдагы өкмөт башчылары Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков дагы эми гана мыйзам чегинде сот алдында жооп берип жатышат.

- Вахаб агай, кечиресиз, дегиңкиси мындай саясий тирешүүлөрдөн ким утат, ыя?

- Албетте, баарынан мурда элибиз гана утат. Биринчиден, жемкорлордун жеген-ичкендери бүт кустурулат. Экинчиден, мынча каражатка президент өзү убадалагандай заманбап мектептер курулат. Үчүнчүдөн, өлкөбүздө жемкорлук бара-бара азаят, анан акыры тыйылат.

Кошоматчылык эмес, мактабайын, бирок, айтып коюуга тийишмин! Президент Сооронбай Жээнбеков - кыргыздын Данкосу! Андыктан, анын катарына кыдырата тургула, мекендештерим! Анын дал ушул ыргакта мындан ары дагы үзгүлтүксүз эмгектенишине бут тоспогулачы?!?

Булак: “Майдан. kg”

Последние новости