www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соңку эки-үч чакырылышта парламентке партия менен көбүнчө байлар жана акчалуу ишкерлер гана өтүп калганы жөнүндө сындар көп болду. Шайлоо системасына кайрадан бир мандаттуу киргенине да ушул жүйөлөр себеп болду.

Бирок ошол эле кезде айрымдар бул жолу да баягыдай эле колунда бар адамдар көбүрөөк мандат аларын белгилеп жатышат. Укук коргоочу Динара Ошурахунова бул жөнүндө мурдатан эле айтып келе жатканын билдирди.

--“Мажоритардык системаны, же бир мандаттуу шайлоо системасын биз көргөнбүз. Аны баштан өткөргөнбүз. Мында оппозициянын өкүлү чыккан жерде административдик ресурс колдонушчу. Бийликчилдер болсо өздөрү эле мандат талашкан округда көбүнчө акча ойночу. Азыр деле ошондой эле болот. Ошол себептүү бул шайлоо таза өтөт, мыйзамдуулук сакталат деп айта албайм”.

Шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендерден арыздар 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтер 18-октябрга чейин кабыл алынат. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат. Азырынча түшкөн арыздар көп эмес. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости