www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ысык-Көл" инвестициялык банкын мыйзамсыз басып алуу деген иш боюнча Улуттук банктын мурдагы төрагасы Марат Алапаевге карата сот чечимдери жокко чыгарылганын Жогорку сот ырастады.

Мекеменин басма сөз кызматынын бүгүн, 16-сентябрда тараткан маалыматында
бул иш жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карала баштаганы айтылат.

Маалыматка караганда, Жогорку соттун жоруктар жана кылмыштар боюнча соттук коллегиясы 18-августта ишти карап, мурдагы чечимдерди жокко чыгарган жана кайрадан сотко чейинки өндүрүшкө жиберген.

Жогорку сот иш ачык каралганын жана "жашыруун" эместигин кошумчалады.

Буга чейин Европада бозгунда жүргөн журналист Сыргак Абдылдаев "Фейсбуктагы" баракчасына Жогорку соттун Марат Алапаев тууралуу бүтүмүн жарыялаган.

Журналист мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүн жана жакындарын "тымызын актоо аракети" жүрүп жатат деп билдирген. Абдылдаев "Ысык-Көл" инвестициялык банкынын мыйзамсыз басып алынышына байланыштуу сот чечимин жокко чыгаруу тууралуу адвокат Мощиндин өтүнүчүн, күбө Кубанычбек Бөкөнтаевдин Марат Алапаевге каршы көрсөтмөсүнөн баш тартканы тууралуу түшүндүрмөсүнүн көчүрмөсүн да жайгаштырды.

Аталган банкты Максим Бакиевдин көмөгү аркылуу мыйзамсыз тартып алган деген айып менен 10 жылга сыртынан кесилген Райкүл Жапаровага чыгарылган сот чечимдери быйыл январь айында жокко чыгарылган эле.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдагы чечими менен Марат Алапаев жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев, “Манас Банктын" акционери, латвиялык ишкер Валерий Белоконь, орусиялык Евгений Вербицкий, латвиялыктар Анита Лася, Юрий Качнов, кыргызстандыктар Сергей Костырин, Чолпон Иманалиева сырттан соттолуп, 25 жылга эркинен ажыратылган.

Алапаев 2009-2010-жылдары Улуттук банктын катышы менен “Азия универсал банкы” аркылуу 3 миллиард сом, апрель окуясынын алдында шашылыш түрдө 200 миллион доллардай (9 миллиард сом) каражатты чыгарып кеткен деген негизде да күнөөлүү деп табылган, сырттан соттолгон. 2010-жылы өлкөдөн чыгып кеткен Алапаевге жана аны чогуу айыпталгандарга издөө жарыяланган.

Марат Алапаев Улуттук банкты 2006-жылдан 2010-жылдагы апрель окуясына чейин жетектеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости