www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айылчы Сарыбаев: «Керек болсо талибдерди да андай кармашпайт»

15-сентябрда эртең менен Алмаз Сарыбаевдин үйүнө бир нече милиционерлер кирип, тинтүү жүргүзүшкөнүн анын атасы, Экономика жана финансы институтунун ректору Айылчы Сарыбаев журналисттерге билдирди.

Ал баласын «колун байлап, Ички иштер министрлигине алып кетишкенин» айтып, «керек болсо талибдерди да андай кармашй турганын» белгиледи.

«Уулум шайлоого баргысы келди, мен өлкөдөгү оор абалдан улам мындай кылуунун кажети жок экенин айттым. Анын үстүнө бизде акча жок. Курсан Асанов бир нече жолу аны менен бирге шайлоого барууга чакырган, бирок Алмаздын генерал [Асанов] менен эч кандай байланышы болгон эмес», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости