www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттер менен Ооганстандын чек арасында «өтө олуттуу маселелер» пайда болду. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин бейшембиде уюмдун Дүйшөмбүдөгү саммитинде сүйлөп жатып айтты.

Жыйынга видео байланыш аркылуу катышкан Путин чек ара аймагындагы кырдаал уюмга кирген өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратат деп эсептерин белгиледи.

«Азыркы шартта ЖККУнун тыгыз координациясы жана бир муштумдай болуп аракеттенүү мурда болуп көрбөгөндөй зарыл. Биздин өлкөлөрүбүздө коопсуздукту, тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыздоо үчүн ЖККУнун саясий жана коргонуу дараметин толук колдонууга даяр турууну макулдаштык», - деди Путин.

Москва «Талибанды» террордук уюм деп атаганы менен акыркы жылдары Ооганстандагы касташкан топтор ортосунда арачы катары аракеттенип келет.

Путин Дүйшөмбүдө өткөн ЖККУнун жыйынына видео аркылуу катышты. Муну ал айланасындагы адамдар коронавирус жугузуп алгандыктан, обочодо иштеп атканы менен түшүндүрдү.

ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости