www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы шайлоо округдарынын картасы жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланганы менен саясий чөйрөгө жана электоратка көп тарай элек. Ошол себептен да бул боюнча талкуулар кеңири өрүш ала элек. Сыягы үгүт иштери башталып, бюллетенди алганда шайлоочулар арасында түрдүү пикирлерди жаратчудай. Ага чейин округдардын чек араларын көргөндөр өз ойлорун бөлүшүүдө, алардын ичинде нааразылар да бар.
Коомдук ишмер Жылдызбек Турганов көз карашын ортого салды.
--“Мисалга, партиялык система менен алганда бир райондон көп адам депутат болуп калып жатканы айтылып жүрбөдүбү? Маселен, 120 кишилик депуттатын 20 чактысы Алай районунан экени белгилүү болчу. Негизи өкүлчүлүк дегенде ар бир аймактан, ар бир райондон бирден киши мандат алгыдай болушу керек да.
Ошол себептүү менимче 40 районго бирден мандат берип, 80 депутат болсо, калган 10 мандатты Бишкек жана Ош шаарларын бөлүштүрүп койсо туура болмок. Аймактардагы калган шаарларды ошол райондорго кошуп койсо болот. Мына ушунда чыныгы эл өкүлдөрү келмек. Кайсы бир райондо калктын аздыгы үчүн алар айыптуу эмес да, ал жердеги жашоо шарты жана башкалары ошого себеп болот.
Анан аларда калк аз болгону үчүн гана депутаты жок калышы керекпи? Мурда “бир райондогу уруу-уруу болуп жаатташып калат экен” деп бир мандаттуудан кайткан эмес белек. Эми болсо эки-үч район болсо ошол аймактардын калктары өз жердештерин шайлоого чуркап, тирешип калчудай болуп калды”, -дейт ал.
Булак: NazarNews.kg