www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Биринчиге кирип чыктым, Таластан бир мандаттуу округдан талапкерлигимди коём» деген Баткен Шерниязовдун сөзү желдей тарады.
Кызык, талапкерлердин парламенттик шайлоого баруусуна президенттин кандай тийешеси бар? Атын пайдаланып жатышкан жокпу?
Соңку убакта партиялардын арасында да «Садырдан бата алдык» дегендер уу-чуу кепти жаратышууда. Жасалма демарш, кубулма жүз менен саясий топтор аброй жыйнай алышмак беле?
Баткен Шерниязовго окшогон дуулдагандардын канчасы ийгиликке жетишет? Бул жагын бир Кудай билет. Эң оболу, шайлоого аттанган талапкерлердин электораты, калың каражаты болушу шарт. Андан кийин гана Жогорку Кеңешти ойлошсо...
Булак: Азия News гезити