www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир нече белгилүү саясатчы кечээ күнү Ички иштер министрлигине келип, сурак берип чыкты. Кимдир бирөөлөр (аттарын атабай еле коёлу) соцтармактарда маалымат таратып, президентке да кайрылуу жасаптыр – Алмазбек Атамбаевдин 65 жылдык мааракесине карата ошол саясатчылар эбегейсиз митинг даярдап жатат жана анын арты менен мамлекеттик төңкөрүш да болуп кетиши ыктымал деп. Жакында эле кабыл алынып, кол коюлган фейктер тууралуу мыйзамды колдонсо болоор эле, бирок ал бир жак тарапка гана иштегендей.
Ошол эле социалдык тармактарда – каршылык чараларды уюштуруу үчүн сырттан көптөгөн миллион долларлык каражат да келиптир, ал акча төңкөрүш уюштурганга болбосо дагы Атамбаевди үй камагына чыгарууга жетиш керек дегендей. Саясаты бүткөн Атамбаев эмгиче арзандабайт жана академик Абдыганы Эркебаев дагы анын шартын жеңилдетип койсо жакшы болоор эле деп жатса, мурдагы президенттин акырынан жем жеп келген жана эмгиче андан куру калбагандар ого бетер шымалана тургандай учур.
Өлкөбүздөгү маанай кейиштүү абалда – тиги да, бул дагы тарап мыйзамдар жана кабыл алынган эрежелерди карманууга умтулбайт, анын канчалык маанилүү экенин түшүнбөйт, андай тартипти жүзөгө ашырууга да умтулбайт. Натыйжада мыйзамдар буйлаланган төөгө айланып кеткендиктен элдин баардык катмары мыйзамдар пайда болгонго чейинки доордун салты менен жашайт. Советтик 70 жыл дагы аны өзгөртө албаптыр жана СССР чачыраары менен баарыбыз алыскы өткөн чакты көздөй умтулдук.
Кандай мыйзамдар иштесе дагы, соттор же башка уюмдар эмне чечим кабыл алса да, баарын билген эксперттер кандай корутунду чыгарса дагы, биз үчүн анын баары эч кандай мааниге ээ эмес. Эң биринчи орунга – эски салт-санаа коюлат, ар ким өзүнө гана пайдалуу чындыкты тааныйт жана өйдө жактан тааныш издеп-таап, маселелерин ошолор аркылуу чечет. Ошол себептен ар бир соттон кийин же башка чечимден соң каршылык митингдери башталып, чечимди жандыруу же андан буйтап өтүү аракеттери башталат.
Мындай башаламандыкты соттор же башка жетектөөчү уюмдар кабыл алган чечимдер дагы ого бетер чакчелекей абалга түртүүдө, анткени алар дагы кынтыксыз эмес. Ошондуктан биз баарыбыз сыртынан кандай кийим кийип, демократия, мыйзам үстөмдүгү, адам укуктары, бийликти бутакка бөлүү жана башка алдыңкы нерселер жөнүндө сүйлөгөнүбүз менен, ичибизде эски, байыркы, жапайы бойдон калганбыз жана ошого түздөнүп жашайбыз. Анын баары кылымдар бою каныбызга сиңген жана 30 же 100 жылда да өзгөрүп кетпей тургандай.
Ошондуктан суракка чакырылган саясатчылар деле сотко кайрылбайт ко. Алар дагы, аларды ийге тартып жаткан тарап дагы өз турумун далилдей албайт жана, негизгиси, ага кызыкдар да эмес. Биз сындап жаткандардын колундагы сотко кайрылуунун кандай кажети бар? Жана ушундай бирди айтып, башканы жасаган ботко дагы көпкө кайнай тургандай. Өлкө болсо акырындап ливанизация, балканизация жана афганизация тарапка ооп баратат. Ал багыттан баш тарталы десек, күчтүү кимдир бирөө бөгөт коюп койгондой.
Булак: NazarNews.kg