www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдыз Жолдошова 16-сентябрда милицияга чакырылганын, бирок сурак бербей чыкканын билдирди. Ал "Азаттыкка" чакырууга айрым маданий кызматкерлеринин президентке жазган кайрылуусу себеп болгонун маалымдады.
"Мени саат 14:00гө чакырган. Кайрылуу президентке жазылган. Ошондуктан, президенттин колу коюлган, андан ИИМдин жетекчилиги Улан Ниязалиевге келген, андан Тергөө кызматына тапшырма берилген документти көргөзгүлө деп талап кылдым. Экинчиден, Кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталышы керек. Анда кайсы номерде, кайсы күнү саат канчада ачылган ошону көрсөтүүнү талап кылдым. Мыйзам боюнча ошондой болушу керек. Мен сурак берген жокмун, анткени алар ошондой катты көрсөтө алышкан жок", - деди Жолдошева.
Экс-депутат кайрылууну бурмалаган жана жасаган тарапты аныктап, жоопко тартууну, президенттин администрация башчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун, ИИМ жетекчиси Улан Ниязалиевдин, ИИМдин Тергөө кызматынын жетекчи орун басары Нурдин Эшимкан уулунун кызматтан кетишин талап кыларын билдирди.
Эске салсак, ЭлТР "Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү" деген материалды 14-сентябрда көрсөткөн. Маданият ишмерлери кол койду деген ага үндөш кайрылуунун тексти интернетте тараган. Анда "Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган адамдар 17-сентябрь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз" деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган.
Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун жана мазмуну өзгөргөнүн билдирип чыгышкан.
Булак: NazarNews.kg