www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбооруна өткөрүлгөн тендерде кызмат абалынан кыянат пайдалануу орун алып, бул боюнча УКМК мэрияга кылмыш ишин козгоду.

Албетте, коомчулукка резонанс жаралды. Шектүү демилге 2020-жылы башталып, аны эки жылда бүтүрүү пландалган. 252 миллион сомго бааланган долбоордун тендерин «Капитал Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган. (Бул фирмага да озунчо кайрылабыз).

Эске салсак, ал кезде Ош мэриясын Таалайбек Сарыбашев жетектеген. Бул бир гана былык иши го?..

Себеби, ал буга чейин бир канча хансарайларды Ош, Бишкек, Алайга курганы ЖМКларга жарыяланган. Көпчүлүк таң калып, нааразы болгондор арбыган эле.

Сыягы, Таалайбек Сарыбашевди дагы текшеришсе, тендерлерден сырткары башка коррупциялык элементтери да ачыкталабы?

Он жылдан ашык убакыттан бери мамлекеттик кызматтарды аркалап жүрүп, каяктан көпөскө айланды? Эмесе, «Мыйзамсыз баюу» беренеси кошулушу мүмкүн...

Булак: Азия News гезити

Последние новости