www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенттинин милдетин аткаруучу Т.Т. Мамытовго, Ж. Баласагын атындагы КУУнун Кесиптик колледжинин окутуучулары Арыз менен кайрылуу жасады.

Арыз

Урматтуу Талант Турдумаматович!

Биздин сизге арыз жазуубуздун себеби Ж.Баласагын атындагы КУУнун кесиптик колледжинин директору жөнүндө: Колледждин директору Аскар Акматов жумушка кабыл алынган окутуучуларды акчасыз кабыл албайт жана айрым кызматкерлерди себепсиз мажбурлоо, коркутуу жолу менен жумуштан кетирет. Анын айынан оорукчан болгон жана өлүмгө учураган окутуучулар да бар.

Бул айтылгандардын далилдери бар.

1. Окутуучу Нурлан Зарипбеков, мыкты окутуучу эле – өткөн жылы себепсиз жумуштан алынган. Ошондон бери ооруп, жакында жүрөгү кармап 45 жаш курагында кайтыш болду. Келинчеги жана кошуналары көп маалыматтарды ачыктап берет.

2. Окутуучу Чолпон Касымбекова – быйыл себепсиз жумуштан алынган. анын айынан Ч.Касымбекова ооруп жатат. Даарыгерлердин көзөмөлүндө.

3. Окутуучу Халилова Шахида Абдыкаимовна - пенсиядагы эки окутуучу 1,5 окуу жүктөмү көп экенин эскертип: экөөбуздөн 0.5 окуу жүктөмүн алып, Халилова Шахида Абдыкаимовнаны жумушта калтыруусун суранган. Ошого карабай саат жок деп жумуштан кетирген.

4. Шарабидинов Мирбек Төлөбкович- Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары. Бир нече жолу жумуштан кетүүсүн талап кылган жана намысына тийген сөздөр менен басмырлаган.

5. Джумакеева Гүльзана Сарлыковна - курстун менеджери кызматынан кетүүгө коркутуу менен арыз жаздырган.

6. Асыранбекова Самара Рахатбековна - Экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы кызмат ордунан кетүүгө мажбурлоо, коркутуу жолу менен арыз жаздырган.

(өзүндө коркутуу боюнча аудио жазуу далилдери бар.)

Ушул маселелерди карап, териштирип беришиңизди өтүнөм, себеби, бул маселе жалпы билим берүүнүн аброюна терс таасир тийгизүүчү жагдай деп эсептейбиз.

1. Касымбекова Чолпон Сарбагышовна (0700334448) ______

2. Халилова Шахида Абдыкаимовнаны (0700381967) ______

3. Асыранбекова Самара Рахатбековна (0709048791) ______

4. Джумакеева Гүльзана Сарлыковна (0700878087) ______

5. Шарабидинов Мирбек Төлөбекович (0709020252) _______

Булак: NazarNews.kg

Последние новости