www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан тартып эле экономикалык жактан аксап келген. Кыргыз эли мал-чарбалыгына жакын, дыйканчыл келет эмесби. Буга кыргызстандын жерлери да төп келгени белгилүү. Бирок, өлкөдө жер-суулар, кен-байлыктар толуп жатканда эмнеге Кыргызстан дагы деле өнүгө элек деген суроо жаралат. Буга өз өлкөсүн кемирип жеп, «өзү тойсо да көзү тойбогон» кээ бир бийлик төбөлдөрүнүн оозго алгыс жоруктары себеп болуп жатканы өтө өкүнүчтүү.
Эмне үчүн өзү туулуп-өскөн жерди, элди убактылуу, «арам байлыкка» алмаштырып кетет? Бийликке келсем, «кыйратам-жыргатам» дегендер бир гана өзүнүн кам курсагын ойлошот тура...
Чоң креслого отургандан кийин сөзсүз түрдө эле элди сазга батырып, жер-суулардын баарын туш тарапка сатып, кымтынып жеп калыш керекби?
Кыргызстан качан өзүнүн маданиятын көтөрүп, элге эмгеги сиңген баатырларды кастарлап, башка чоң мамлекеттердин кийлигишүүсүсүз эле жыргалчылыкта өз алдынча мамлекет катары өсөт?
Дегиле Кыргызстан кантип оңолот? Качан оңолот? деген суроолорго саясатчы Эмилбек Каптагаев төмөндөгүчө жооп берди:
«Кыргызстан кантип оңолот? Качан оңолот? - деп көп суроо берилет...
Бул суроого өзүмдүн жеке тажырыйбама таянып так жооп бере алам:
Кыргызстан качан гана сот, прокуратура, «милиса», коопсуздук кызматы, каржы полициясы, салык жана бажы кызматтары мыйзамды так сактап, мыйзамдын гана негизинде ТАЗА иштей баштаганда гана оңолот.
Бул органдар тазаланмайын эч кандай өнүгүү жок», - деди Каптагаев.
Булак: NazarNews.kg