www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бразилиянын Жогорку соту бийликке калкты коронавируска каршы эмдөөгө «кыйыр түрдө мажбурлоого» уруксат берди. Эгерде тиешелүү мыйзамдар кабыл алынса, ар кандай деңгээлдеги бийлик эмдөөдөн баш тартканы үчүн жарандарды жазалай алышат, деп маалымдайт жергиликтүү «Folha» басылмасы.
Калкты милдеттүү түрдө эмдөө маселесин кароодо коллегия судья Рикардо Левандовскини колдоп, анын «кыйыр түрдө» жүзөгө ашырылышы мүмкүн экенин белгилеп, айрым жерлерге барууга же белгилүү бир иш-аракеттер менен алектенүүгө тыюу салганын мисал келтирип билдирди.
Ошол эле учурда соттор эмдөө үчүн адамдын макулдугу керек экенин белгилешти. Адамдарды мажбурлап эмдөө боюнча кандай гана чечим болбосун, алардын ачык макулдугусуз, бул конституцияны одоно бузгандык болот.
«РИА Новости» билдиргендей, бул чечим менен Бразилиянын мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлдеги бийликтери жарандарга эмдөө милдеттемесин жүктөп, тиешелүү чектөөлөрдү киргизе алышты.
Өлкөнүн өкмөтү улуттук санитардык көзөмөлдөөчү органы болгон Анвиса тарабынан бекитилген вакциналарды колдонуп, 2021-жылы өлкөнүн бардык калкын коронавируска каршы эмдөөнү пландаштырууда.
Булак: NazarNews.kg