www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

117 жаштагы Мария Браняс Морера Испаниянын Олот шаарында көз жумду.

АКШнын Сан-Франциско шаарында 1907-жылдын 4-мартында жарык дүйнөгө келген Браняс 2023-жылдын январында дүйнөдөгү эң кары адам катары катталган. 

«2024-жылдын 19-августтунда Мария Браняс 117 жаш 168 күндүк курагында дүйнөдөн кайтты. Өзү каалагандай уктап жатып, кыйналбай кете берди», - деп Бранястын үй-бүлөсү X баракчасына  жазды.

Ал эми баш кеңсеси Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) жайгашкан Геронтология изилдөө тобунун билдирүүсүндө, Бранястын өлүмүнөн кийин 116 жаштагы япониялык Томико Итооканын дүйнөдөгү эң кары адам болушу мүмкүн экени маалымдалды.

Браняс 2023-жылдын январ айында 118 жаштагы француз Люсиль Рэндон каза болгондон кийин Гиннесстин рекорддор китеби тарабынан дүйнөнүн эң кары адамы болуп тандалган.

Последние новости