www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дарыгерге кол салган жаш кыз кармалды

Медицина кызматкерине кол салган аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, дарыгерге кол салган аял спирт ичимдигинен ууланып ооруканага түшкөн. Окуя 19-августта түнкү саат төрт чамасында болгон.

Милицияга Токмок шаарынын жашоочусу — 1997-жылы туулган З.И. кайрылган. Ал Чүй райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө И.Ж. аттуу жаран себепсиз сабаганын билдирген.

Бул факт ээнбаштык беренеси менен катталып, кылмыш иши козголду.

"Тергөөнүн жүрүшүндө 2003-жылы туулган И.Ж. спирт ичимдигинен ууланып ооруканага түшкөнү аныкталган. Саат 4:00 чамасында өзүнө келип, ооруканадан кетүүнү чечкен. Бирок ага туугандары келмейинче кетүүгө болбой турганын айтышкан, И.Ж. мындай чектөөгө агрессивдүү түрдө жооп кайтарып, реаниматолог З.А.ны сабап, ооруканадан кетип калган", — деп айтылат маалыматта.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, шектүү Чүй РИИБге алынып келди.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин далилдүү медицина боюнча адиси, Кыргыз Республикасынын Медициналык профсоюзунун төрайымы Бермет Барыктабасова да дарыгерлерге көрсөтүлгөн зомбулук боюнча пост жазып, бейтаптар же алардын туугандары мас абалында дарыгерлерге кол салып же кылмыш кылса мастыгы актанууга шылтоо эмес, тескерисинче оордотуучу жагдай болушу керектигин жазган.

Последние новости