www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дмитрий Бивол мурдагы жубайы Екатеринаны сотто утуп алып, мурдагы аялынан сотто кек алды. Экс жубайына боксер өзүнүн жана апасынын ар-намысына шек келтирип шылдыңдаганы үчүн жаза берилди. Сот Дмитрий Биволдун мурдагы аялы Екатерина Биволду социалдык тармактарда айткан кемсинтүү сөздөрү үчүн эскертүү берди.

Тактсап айтканда россиялык боксер Дмитрий Бивол өзүнүн мурдагы аялы Екатерина Биволго каршы соттук ишти утту. Буга чейин Бивол экс-жубайын сотко берген. Анткени ал өзүнүн социалдык тармагында спортчуну, анын апасын жана күйөрмандарын "жөнөкөй эмес" деп атап, аларга дагы бир нече кордогон сөздөрдү айткан. Боксёр экс-жубайын мыйзам аркылуу жазалагысы келип, прокуратурага арыз жазган.

КП-Петербург маалымат агенттиги билдиргендей, Дмитрий Бивол бул иш боюнча арызды өткөн жылы берген, прокуратура ишти козгоп, январда Екатерина Биволго жазалоо чарасы катары эскертүү берди.

Екатерина Бивол бул тууралуу азырынча комментарий бере элек. Декабрь айында ал Telegram каналында, анын экс-жолдошу менен болгон укук талаштары тууралуу жазып, аны полицияга чакыртышканын билдирген.

“Мурдагы күйөөм менден абийирин коргоо боюнча арыз берген. Натыйжада, 5 арыз  жана бир соттук доо арыз түшкөн. Ошондой эле элдин бардыгы мен жөнүндө анын сүйүктүүсү жазып жатканын көрдү. Үйүмдөгү видеолорду ачыкка чыгарды. Анын чет жактан тапкан сүйүктүүсү мен жөнүндө көп жазды. Бул сиздерге белгилүү. Мен балдарым менен жашап, аларга кам көрүп жатам, ал эми ал өзүнүн жеке жашоосуна гана көңүл буруп жатат. Балдарына алименттерди аз төлөп, аларга жакшы жашоо үчүн жетишсиз каражат бөлүп жатат. Ал мени балдарынын энесин бардык жолдор менен азаптоону улантууда” - деп нааразы болгон Екатерина.

Эскерте кетсек, Дмитрий жана Екатерина 16 жашында учакта таанышкан. Алар эң сулуу жуп катары саналып, Екатерина Дмитрийди мелдештеринен тосуп алып, колдоп жүргөн. Ал болсо көп интервьюларда аялына болгон сүйүүсүн билдирген. Жубайлардын ортосунда эки баласы бар.

2023-жылы Биволдор ажырашып, андан кийин Екатерина экс-жубайын зомбулук, кыйноо жана балдарына кам көрбөйт деп айыптаган. Анын айтымында, спортчу алименттерди аз төлөп, балдарга көңүл бурбай келген. Ал мурдагы аялы менен болгон чыр-чатакты коомчулукка ачык айтпаганы менен анын мурдагы жубайы Екатерина социалдык тармакта айрым учурда шылдыңга алынган.

Дмитрий Бивол учурда Артур Бетербиев менен реваншка даярданууда. Беттеш 22-февралда өтөт.

Эскерте кетсек, Бивол менен Бетербиевдин биринчи беттеши 2024-жылы октябрда болуп, анда көпчүлүк судьялардын добушу менен Бетербиев жеңишке жеткен. Бул Биволдун карьерасындагы биринчи жеңилүү болгон.

Последние новости