www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы он жылдыкта дүйнө эли терең саясый кризиске малынып отурат. Тилекке каршы, анын запкысынан сүйүктүү Кыргызстаныбыз да оолак боло албады. “Өлгөндүн үстүнөн көмгөн” дегендей, эгемендикке ээ болгондон баштап өлкөбүз туташ экономикалык алааматтан чыга албай карайлап келет.

Батыштын псевдодемократиясына ишенген ошол кездеги башчыларыбыз өз элине зыян алып келген экономикалык моделдин кулуна айланып, ондогон жылдар бою кашыктап кураган өндүрүшүнөн жана агрардык инфраструктурасынан ажырап калды. Батыштын кыйраткыч саясатынын курмандыгына кабылган элибиз мукурап, өз мекенинде жумуш табалбай, чет жерлерде кулчулуктун деңгээлине түшүп жан сактап, өлбөстүн күнүнө тушукту.

Ал эми союздан калган мыкты завод-фабрикалар, агрардык мекеме-ишканалар, эң көрүнүктүү социалдык инфраструктуралар бир ууч уюшкан мурдагы партиялыккомсомолдук функционерлер менен соода-сатыкты бекем мыкчып келишкен кызылкулактардын колуна өтүп, итбекер энчиленип кетти.

Карапайым эл бир чети өзүнүн эле шылуун балдарынын курмандыгы болушса, эми ага кошумча чет элдик диний, “псевдоагартуучу”, “квази саламаттык сактоочулар” аркылуу наадандык менен таңуулаган шылуундардын кол астында калды. Ар дайым теңчиликти канына сиңирип, кайрымдуулукту туу туткан кыргыз карайлап, байкедейге бөлүндү. “Мына биз элитабыз” деп айгай салган уурукоррупционерлер көбөйдү. Алды аткаруу бийликтеринин көрүнүктүү кызматтарын ээлеп алышса, андан өткөн чыйрактары парламентти басып жатып калышты.

Ар кандай эле мамлекеттин бюджетин толтурууга багытталган кен байлыктар, энергетика, фармацевтика, спирт өндүрүү, күйүүчү майлар тармактары жеке колдорго берилип кетти. Натыйжада, калктын калың катмары илимден, билим алуудан, саламаттыкты сактоодон, маданий өнүгүүдөн куржалак калды.

Социалдык тармак “калдык принциби” менен каржыланып, пенсия, жөлөк пул деген ыйык милдеттенмелер шарттуу түрдө гана аткарылып келди. Баарынан өкүнүчтүүсү, шору каткан кыргыз элине 2005-2010-жылдардагы чыныгы элдик толкундоолордун эч бир пайдасы тийген жок! Бийликке келгендер дагы эле “баягылар” болушту.

Аларды акмалап “отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” кээ бир шүдүңгүт шумпайлар 30 жыл бою бийликтин эң “майлуу” жерлеринен оолакташкан жок. Алар 5 президенттин жакабелинен чыгышпай, көшөгөнүн артынан өлө байышып, тайраңдашты.

Ал эми карапайым калкты “эмгек мигранттары катары вагондоп Россияга жөнөтөлү, анан калса, ар бир облусубузду АКШ, Япония жана Европа өлкөлөрүнө шефтикке бере салалы” деген “суперэкономикалык жана квазиинновациялык” сунуштарды ачык эле ММКлар тарабынан саймедиреп, туш-тарапка таратып турушту го, чиркин! Бирок, мындай бейжайлыкты туу туткан мурдагы бийликтин “күнү бүтүп, шиши толуп” калган болчу.

Ошентип, 2020-жылдын октябрь айында карапайым элдин кезектеги катуу толкундоолору орун алды. Бул сапар да коррупциялашкан бийликтин парламенттик шайлоодогу адепсиздиги себеп эле. Элге биротоло жек көрүнгөн, 29 жылдан бери тайраңдаган ууру-коррупциялык системанын “көрөр күнү, ичер суусу түгөнүп”, бийликтин кандай статуста болушун тандап алууга багытталган мүмкүнчүлүктү эл өз колуна алды.

Натыйжада, 2021-жылдын 10- январындагы жалпы элдик референдумда калк өзү президенттик бийликти жактырып, тандап алды. Андан соң ошол эле жылдын 11- апрелинде кезектеги референдумда президенттик башкарууну ырастаган Конституция кабыл алынып, 5-майдан баштап күчүнө кирди.

Бийликке Садыр Жапаров расмий президенттик шайлоонун натыйжасында келди. Кыргыз Республикасынын дагы бир жолку жаңы доору башталды. Бул сапар негизги акцент экономиканы көтөрүү жана калктын социалдык абалын жакшыртууга багытталды. Аталган тармактарды чечүү жолунда расмий бийликтин алдында кандай гана тоскоолдуктар жаралбады!..

Жаңы президенттин жылуу колтугуна баштарын тыгууга үлгүрүшкөн мурдагы “чыгаан” чиновниктердин басымдуу көпчүлүгү алгачкы “шоктон” аман-эсен кутулуп алышкан соң, саясатка өздөрүнүн “баа жеткис” салымдарын кошо башташты. Ошондой эле шылуундар Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын курамында да басымдуулук кылып калышты.

Мурдагы, элге жек көрүндү болуп бүтүшкөн жегичтер өздөрү даай алышпай, уул-кыздарын депутаттыкка орното салышты. Бирок, элдин уучу кур эмес экен. Анан калса, президент Садыр Жапаровдун аракети астында министрлер кабинети менен парламентте бир топ эле жаңы, кесипкөй жана тазалыкты туу туткан кадрлар да келишти. Шүгүр дейли.

Президент Садыр Жапаров алгачкы иретте эле коррупциялык абалды кылдат талдап, аны менен чечкиндүү күрөштү мамлекеттик саясаттын приоритети катары элге жарыялаган.

Ошондуктан өзүнүн узактан берки жакын досу, максатташы Камчыбек Ташиевди УКМКнын төрагасы кызматына дайындады. Анткени, 30 жылдан бери өлкөнү жалмап келе жаткан ууру-коррупционерлер менен уюшкан кылмыштуу топторунун күчүн сезди, туйду, тыкыр изилдеди. Алардан чечкиндүү түрдө кутулмайын, азыркы Кыргызстан эч качан өнүгүү жолуна түшө албастыгына көзү жетти. Кудайдан болуп, генерал Камчыбек Ташиев өзүнүн керт башын канжыгага байлап коюп, УКТларды талкалап баштады. Алардын башчыларына каршы мыйзамдуу чараларды көрдү.

Ошону менен катар эле 30 жылдан бери элдин байлыгын итбекер сатып-тартып алган “көпөстөрдүн” жүрөктөрүнө кол салып, алардын арамдан бүткөн мал-мүлктөрүн мамлекетке кайтарууга киришти. Уурулар менен коррупционерлердин башына караан күн түштү.

Жан соогалагандары көп жылдар бою бекер олжо кылып жыйнаган мүлктөрүнүн акчалай же буюмдай кылып “куса” баштаса, Кудайдан жөө качкандары амалданышып, жаза алуудан кутулуунун жолун издешти, а балким убактылуу болсо да табышты! Өтө эле амалкөй “чыйрак” шүдүңгүттөрү чет өлкөлөргө чыга качышты. Терең бекиништи. Бирок, президент менен генералдын өз принциптеринен кайтпай, андан бетер күчөп жаткан кайраттары көбүнүн жүрөгүнүн үшүн алды.

Чынында эле, эмне үчүн элдин чогулуп тапкан мүлктөрү бир ууч шылуундарга менчикке берилип кетиши керек?

Алар: заводфабрикалар, айыл чарбалар, кен байлыктар, социалдык мекемелердин имараттары, эс алуу инфраструктуралары, ж.б. толгон-токой элдик байлыктар!

Президент Садыр Жапаров Кумтөр баштаган ири кен байлыктардын кирешелерин казынаны көздөй чечкиндүү бурду. Жеке менчикке кеткен бир топ ишканаларды мамлекетке конкреттүү пайда алып келе тургандай кылып койду. Натыйжада, мектеп, бала бакча, оорукана, маданият объектилери жаңыдан салына баштады. Эскилери капиталдык оңдоп-түзөөлөрдөн өтүп жатат. Авто жана темир жолдор мурда болуп көрбөгөндөй ылдам темп менен курулууда. Ипотекалык турак жай комплекстери дүркүрөп өсүүдө. Чек ара көйгөйлөрү биротоло чечилүү алдында турат. Күч структураларынын тарпы чыккан офистери дээрлик түрдө жаңыланып бүттү.

Ооба, көйгөйлүү проблемалар дагы деле толтура. Мен өзгөчө эле мактай берүүдөн алысмын, бирок ушундай жолго аракеттер мындан ары дагы күчөсө, албетте, мамлекетибиз бутуна тез эле туруп кетет. Ал үчүн баарыбыз жапатырмак зор кайрат, патриоттуулук менен ак эмгегибизди жумшашыбыз керек.

Бирок, андай болбой жатпайбы...

Жан талашып өзүнүн арам байлыгын сактоого кам урган күчтөр дагы деле болсо президенттин аракеттерине бут тосушуп, түркүн амалкөй каршылыктарды жаратып келишкендиктери жалганбы? Таңгаласың! Эртең менен бир ууруну же паракорду кармашса, кечке жуук башкалары кылмыш үстүнөн колго түшүп келишет! Коркуу же уялуу сезимдеринен биротоло кол жууп калган айбандар арабызда көп экен да...

Ошондуктан, президенттин тапшырмасына ылайык, УКМК жазага тартуу мыйзамдарына мурда болуп көрбөгөндөй катуу беренелерди киргизди. Эми кылмышкер айып пул төлөп коюп эле кутулуп кете албайт! Ал сөзсүз түрдө сот жообуна тартылып, тийешелүү мөөнөтүн алып, түрмөгө отурат. Анысы аз келгенсип, үй-бүлө мүчөлөрү өмүр бою мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда иштей алышпайт. Эң башкысы, андай ууру-коррупционердин эл алдында шермендеси чыгып, “жапайы тоо кийигине” айланат. Бул туура саясат.

Бүгүнкү күндө мындан артык чаралар таасир бербей калды көрүнөт. Мисалдар толтура. Мына, кечээги эле салык кызматын эң коркунучтуу кылмыш жолуна салып жиберген ири чиновниктерди айталы. “ЭТТН” аттуу афёралык кылмышты эң чоң даражалуу адамдар жасашыптыр го?

Ооба, мындай операцияны кылмыш жолу менен ишке ашырууга өтө зор чиновниктин гана колунан келет. ЕАЭБдин мыйзамдуу талабын так аткаргандын ордуна, баарыбыз эле түшүнүп биле турган акциз маркаларынын баш айланткан “трюктарынын” жардамы аркылуу аң-сезимдүү түрдө, “акылдуу баштарын” зыянга иштетишип, өтө оор кылмыш жасашкан. Натыйжада, ЖКнын трибунасынан бир нече жолу айтылгандай, 30 миллиард сомдон ашуун кирешеден казына куружалак калып отурат. Эми дагы терең каза түшүшсө, балким жүздөгөн миллиард сомдор желип кеткендир, ким билет?

Президент Садыр Жапаров менен генерал Камчыбек Ташиевдин жалпы эле коррупционерлерге каршы кармашына кайдыгер карабайлы.

Белгилүү адабий персонаж Абил бийдин “Өлсө өкүрүк, өлбөсө бакырык” деген куйту позициясын карманган айрым инсандарга айтарым:

“Урматтуу интеллигенция өкүлдөрү, белгилүү коомдук ишмерлер! Өлкөбүздүн тагдыры мына ушул 2025-жылы биротоло чечилгени турат. Бул жолу дагы мурдагы президенттердин арабөк, кылмыштуу саясат менен элдин башын айланткан жоруктарына түшө турган болсок, анда бизге убал жок”! Келечекте урпактарыбыз кечирбейт! 2024-жылда өлкөбүз бир топ жаңылануу жолуна түшө алды. Бирок, өткөн жыл өзүнүн көйгөйлүү проблемаларын 2025-жылга да энчилеп берип кете берди. Мен көрүп-сезип эле турам. Жаңы жылда дагы толгон-токой башты ооруткан түйшүктөр орун алат. Аны мына биз өзүбүз жаратабыз. О

шондуктан, генерал Ташиевдин 1-январда койгон алты талабы жөн жерден эле айтылып калган жок да. Эске салсам, алар: коррупцияны эки жылда биротоло ооздуктоо; жалган жалаа менен таза жарандарга айып тагып, куугунтуктоону токтотуу; эрежесиз эр урушка чечкиндүү тыюу салуу; мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде асманга салют аткан обу жок адаттарды жок кылуу; коомго терс, чыгашалуу, зыяндуу майрамдык корпоративдерге биротоло бөгөт коюу; расмий майрамдар менен өлкөнүн жарандарын куттуктоодогу ээнбаштык кайрылууларга тартип киргизүү. Коррупция менен күрөшүү кыргыздар үчүн улуттук оюндун бир түрү болуп калды. Президенттин аракеттеринен улам эбегейсиз айсберг эми гана ордунан козголду! Бирок, коррупциянын “дың жерлери” дагы деле мелмилдеп жатат. Айрыкча билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо системаларында. Бул сфералардагы таза саясатты жүргүзө турган бир гана өзүбүз. Сырттан келген псевдодемократтардын кыйраткыч сунуштары абалды артка кайткыс кылып оорлотконго гана жарайт.

Каныбек Осмоналиев, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, физика-математика илимдеринин доктору, профессор "Азия Ньюс" гезити

Последние новости