www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-июнда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева дипломатиялык миссиясы аяктап жаткан Улуу Британиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Николас Боулер Агартуу министрлигинин «Кызматташтык салымы үчүн» медалы менен сыйланды.

Министрликтин маалыматына ылайык, элчи Кыргызстандагы англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле англис тили боюнча окуу-усулдук материалдарды жана окуу китептерин даярдоо менен басып чыгарууга колдоо көрсөтүп келген.

Жолугушуунун соңунда Догдуркүл Кендирбаева Николас Боулерге билим берүү тармагындагы жемиштүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, анын мындан аркы кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Последние новости