www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Трансулуттук корпорациялардын лидерлеринин VII саммитине катышып, дүйнөлүк ири компаниялардын өкүлдөрүн Кыргызстан менен активдүү кызматташууга чакырды.
Өз сөзүндө ал кыргыз-кытай мамилелери ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк алкагында ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгилеп, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурду.
Анын айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү рекорддук көрсөткүчкө жетип, 27 миллиард АКШ долларын түзгөн.
Бакыт Төрөбаев өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар тууралуу айтып, өнөр жайды өнүктүрүү, инфраструктураны модернизациялоо, энергетикалык коопсуздукту чыңдоо жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу боюнча аткарылып жаткан иштерди тааныштырды.
Ошондой эле саммиттин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын артыкчылыктуу багыттары жана транспорттук инфраструктура, энергетика, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарындагы келечектүү долбоорлор сунушталды.
Айрыкча темир жол тармагын өнүктүрүү, жашыл энергетика объектилерин куруу жана заманбап өндүрүштөрдү түзүү демилгелери чоң кызыгуу жаратты.
Сөзүнүн соңунда Бакыт Төрөбаев Кыргызстан инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин белгиледи.
Саммиттин ачылыш аземинде Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын орун басары Хан Чжэн куттуктоо сөз сүйлөдү.
Иш-чаранын алкагында тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү жана Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгына байланыштуу алдыдагы иш-чаралар боюнча пикир алышты.