www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргыз спутник» эми «Кыргыз асман» деп аталат

Министрлер Кабинети «Кыргыз спутник» ачык акционердик коомунун аталышын өзгөртүп, аны «Кыргыз асман» деп атоо тууралуу токтом кабыл алды.

Маалыматка ылайык, компания 2026-жылдын февраль айында түзүлүп, өлкөдөгү космостук технологияларды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик оператор катары иш алып баруусу каралган.

Компаниянын негизги багыттарына спутниктик маалыматтарды жана сүрөттөрдү иштетүү, айыл чарба жерлерине мониторинг жүргүзүү, климаттык өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө, суу ресурстарын башкаруу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер кирет.

Жаңы токтомго ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдар компанияны жаңы аталыш менен кайра каттоодон өткөрөт.

Белгиленгендей, «Кыргыз асман» ачык акционердик коомунун акцияларынын 100 пайызы мамлекетке таандык.

Последние новости