www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дональд Трамптын жеке адвокатына коронавирус жукту

АКШын президенти Дональд Трамптын жеке адвокаты, Нью-Йорк шаарынын мурдагы мэри Руди Жулианиге коронавирус жукту. "Твиттердеги" баракчасында ал өзүн жакшы сезип жатканын жазып, ага ден соолук каалап, дуба кылып жаткандарга ыраазычылык билдирди. Жулиани буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай ооруканага жатып калганын бышыктаган да, төгүндөгөн жок. Болгону ага "жакшы кам көрүлүп жатканын" билдирүү менен чектелди.

Мунун алдында Трамп "Твиттердеги" баракчасына аны Нью-Йорктун тарыхындагы "эң мыкты мэр" катары сыпаттап, "өлкө тарыхындагы эң коррупциялашкан шайлоонун бетин ачууда өжөрлөнүп иштеди" деп жазды.

Трамп президенттик шайлоодо Жо Байдендин жеңишин таануудан баш тартып келатат жана анын жыйынтыгын жокко чыгарыш үчүн бир катар штаттарда сотторго кайрылган. Бул юридикалык талаш-тартыштарда 76 жаштагы Жулиани такай алдыда жүрөт.

Шайлоо өнөктүгүнүн убагында Жулиани Трамптын саясий атаандашы Жо Байден менен анын уулу Хантерди Украинадагы коррупциялык иштерден улам айыптаган билдирүүлөрдү тараткан. Байден дооматтарды четке каккан.

Буга чейин Трамптын өзүнө жана анын айрым үй-бүлө мүчөлөрүнө, Ак үйдүн бир катар кызматкерлерине коронавирус жуккан. АКШнын президенти ушундан улам үч күн ооруканага жатып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости