www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ДССУ вирус менен ооругандарга вакцина алып коюуну сунуштады

COVID-19 менен ооругандар коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп коюусу керектигин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) илимий кызматкери Сумья Сваминатан айтканын чет элдик маалымат каражаттары жазышууда. 

--"Биз мурда коронавирус менен ооруган же оорубаганыңызга карабай вакцина алып коюу керектигин айтар элек", - деген ал ДССУнун You-Tube каналындагы маекте.

Сумья Сваминатан ооруп айыккандардын көбүндө иммунитет пайда болгондугун, бирок кээ бир адамдарда жетиштүү деңгээлде күчтүү эместигин белгилеген. Кеп эң биринчи иретте инфекцияны билинбей алып жүргөндөр туурасында болуп жаткандыктан, ДССУ өкүлү эмдөөдөн өтүп коюуну сунуштаган.

"Жакшы нерсе иммундук система окшош антиген менен протеинди тааныйт", — деген ал.

Бул эгерде ноокас айыгып чыккан күндө да, алган вакцина иммунитетке оң таасирин берет деген түшүнүк экендигин айтып берген. Ал эмдөө чоңдорго гана жасаларын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости