www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор шаардын турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиев муниципалитеттин шаардык кызматтар жана структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте эртеден бери Бишкекте текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн Свердлов районунун аймагы вице-мэрдин текшерүүсүндө болот.

Ж.Ырсалиев Чүй проспектисин 7-апрель көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралыгынын абалын жана «Мадина» базарынын айлана-тегерегин текшерди.

Вице-мэр шаардын санитардык тазалоо кызматынын иштери жеткиликтүү эмес экенин белгиледи.

Ошондой эле, Ж.Ырсалиев мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясына коомдук жайларда тартип бузгандарга каршы күрөшүүнү күчөтүүнү, Свердлов районунун акими Мурат Осмоновго «Мадина» базарынын администрациясы менен базардын айлана-тегерегин тезинен тартипке келтирүү, башаламан соода-сатыктан тазалоо, унаа токтотуучу жай маселесин чечүүнү сүйлөшүүнү тапшырды.



Булак: NazarNews.kg

Последние новости