www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен жана Жалал-Абад облусундагы коңшу өлкөлөр менен чектеш аймактарда жашаган жергиликтүү тургундар бийликтен үмүт артып турушат. Мындай пикирди “Чек ара” коомдук бирикмесинин мүчөсү Сапаралы Бөрүбаев NazarNews маалымат агенттигине маек куруп жатып билдирди.
--“Баарыбызга белгилүү болдгондой Кыргызстан 4 мамлекет менен чектешет. Ал эми эки өлкө менен көп жылдан бери чек ара маселеси чечилбей келе жатат. Алар Тажикстан жана Өзбекстан. Буга эл дагы, бийлик өкүлдөрү бирдей аракет кылуу зарыл. Чек ара маселеси айрыкча жазында козголуп келет. Бүгүнкү күндө баткен облусунун Ак-Сай айылынын чыгышындагы аймагында маселе жаралып жатат. Ак-сайдын 40 гектар жайыт жерибиз талашка түшүүдө. Азыркы күндө Тажикстандын чек ара кызматы кирип, бир техника сүрүп, түздөө иштерин жүргүзүп жатат. Ал эми Кыргызстандын чек ара кызматы, бийлик аракет кылып жатат. Тилекке каршы жакшы жыйынтык чыкпай жатат. Ал эми Жалал-Абад облусунун Ала-Букадагы Кош-Болот айылында 130 гектар жер Өзбекстан тарапка өтүп кетпесин деп эл турат. Бул боюнча бийлик өкүлдөрү жолугуп жатат. Азырынча жыйынтык жок. Сүйлөшүү жана мыйзамдуу жолу менен чечилиши керек. Андыктан бир метр жер дагы башка мамлекетке берилбесин. 30 жылдан бери чек ара боюнча саясатыбыз жакшы жыйынтык бербептир. Иш алып баруулар туура эмес жүргөнү бүгүнкү күндө билинип калды. Коңшу өлкөлөр менен ынтымактуу эле жашайбыз. Биз жаңы бийликке, губернаторго ишеним артабыз. Баткенде негизги көйгөй чек ара маселеси. Бул боюнча жаңы губернатор Өмүрбек Субаналиев чечкенге аракет кылаарын айтты. Буюрса жакшы жагынан чечилип калсын. Биздин өлкөдө жашап турган тажик туугандар бизге шарт койгону абдан өкүнүчтүү. Буга чейин жалпы 40 гектар жайыт жерди элибиз пайдаланып келген. Бирок аны тажиктер жерди менчиктеп алгандай мамиле кылып жатат. Бул жерлер жең ичинен сатылып кеткен деген имиштер бар. Эми муну тиешелүү кызматтар изилдеп, чара көрөт деп ишенебиз. Ал эми жергиликтүү тургундар бийликтен үмүт артып турушат.
Ал эми Жеңиш Разаков губернатор болуп турганда көп маселелер туура эмес жака чечилген. Ошондой эле, анын убагында Көк-Таш айылында дагы ызы-чуу иштер болуп кетти. Биздин байкообузга караганда Жеңиш Разаков кылган иштери Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон эмес. Тажик тарапка кызмат кылганын эл айтып жүрөт. Себеби, ал карапайым элге кысым көргөзгөн. Бир канча жарандар ачык айтып, камалып калышкан. Мен өзүм дагы абакта отуруп чыктым”, - дейт Бөрүбаев.
Булак: NazarNews.kg