www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматова менен коштошуу зыйнаты эртең, 17-февралда саат 10:00дө Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Бул тууралуу «Тунгуч» театрынан билдиришти.
Ж.Сейдакматова бүгүн, 16-февралга караган түнү саат 3:05 оор оорудан улам көз жумду.
Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген. Фрунзедеги №5 орто мектепти аяктап, Ленинграддагы Полиграфиялык институтка тапшырганы менен табиятынан берилген шык, талант аны искусствого кайрып келет. Театр залкарлары Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүковалардын көрөгөчтүгү менен 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алынат.
Актриса 1958-жылы тартылган «Алыскы тоолордо» көркөм тасмасында роль аткаруу менен кеңири таанылган.
Кыргыз сахнасында В. Шекспирдин «Азоого чалмада» Катарина, «Отеллодо» Дездемона, Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күндө» Найман эне, Ж. Абдыкадыровдун «Олжобай менен Кишимжанда» Кишимжан, К. Мамбетакуновдун «Омар Хайямдын махабатында» Элпи, М. Байжиевдин «Төрт адамда» «Нази, «Кыз күйөөдө» Гүлсүн, Б Жакиевдин «Күттүргөн жазда келерде» Зейнеп, М. Каримдин «Ай тутулган түндө» Шафак, Гоголдун «Үйлөнүүсүндө» Агафе Тихоновна, Ш. Садыбакасовдун «Ак боз атта» Эркайым сындуу этаптык образдарды жараткан.
Булак: NazarNews.kg