www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Президент Садыр Жапаров интернет жылдызы Бекболотту аралыктан кабыл алышы мүмкүн",- деп бүгүн, 16-февралда президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди.

Ал Садыр Жапаров интернет жылдызы Бекболоттун видеолорун көрүп жатканын айтты. "Учурда Садыр Жапаров аралыктан иштеп жатат. Эгерде жакынкы күндөрү Бекболотту кабыл ала турган болсо аралыктан кабыл алышы мүмкүн же жолугушууну кийинкиге жылдырат",- деди Галина Байтерек.

Буга чейин Бекболот президент менен жолугуштат деген маалымат социалдык тармактарга тараган. Бекболот Ысык-Көлдүн Балбай айылына эки кабат мектеп салып бериңиз деп президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости