www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Флорида штатында өткөн NASCAR «Дайтона 500» мелдешинин кезектеги унаа жарышы 16 машина кагышкан кырсык менен коштолду. Бул тууралуу Eurosport маалымат булагы жазды.
CRASH!
— NASCAR (@NASCAR) February 14, 2021
Multiple contenders are collected in this early accident in the #DAYTONA500. pic.twitter.com/qZro3YXsTj
Унаалар акыркы айлампада бири-бирине урунган.
Жарышта алдыда бара жаткан Penske Racing командасынын эки мүчөсү Жоуи Логано жана Брэд Кезеловски бири-бири менен кагышып кеткен. Катуу ылдамдыкта бара жаткан пилоттор рулду башкара албай калышканы айтылды. Ал арада үчүнчү унаа келип урунуп, өрт чыгып кеткен. Трассада кыймыл бузулуп, артта келген унаалар алдыдагысын сүзгөн.
.@NASCARONFOX takes a closer look at what caused this multi-car accident. #DAYTONA500 pic.twitter.com/sS8wJkt9La
— NASCAR (@NASCAR) February 14, 2021
Жалпысынан трассага түшкөн 16 унаа сүзүшүп, жарыштан четтеп калышты. Бактыга жараша, бир да пилот оор жаракат алган эмес.
Деген менен мелдеш уланып, Front Row Motorsports командасынын спортчусу Майкл Макдауэлл марага биринчи келген. Hendrick Motorsports командасынын өкүлү Чейз Эллиотт экинчи келсе, үчүнчү орунду Richard Childress Racing тобунун пилоту Остин Диллон ээлеген.
Булак: NazarNews.kg