www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын вице-президенти Камала Харрис Франциянын лидери Эммануэль Макрон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Сүйлөшүүдө коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү, ошондой эле Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы чыр-чатактарды жөнгө салуу сыяктуу маселелер талкууланды. АКШнын вице-президенти эки тараптуу байланыштарды бекемдөөгө жана трансатлантикалык альянсты жандандырууга кызыкдар экендигин билдирди. Тараптар коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү, климаттын өзгөрүшү, өз өлкөсүндө демократияны колдоо жаатында эки тараптуу кызматташуу зарылчылыгы жөнүндө бир пикирге келишти.

Буга чейин, АКШнын президенти Жо Байден 24-январда Макрон менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Андан кийин лидерлер коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун алкагында биргелешип иштөөгө макулдашышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости