www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британияда коронавирустун дагы бир жаңы түрү аныкталды

Британияда коронавирустун жаңы мутациясы аныкталды, ал Дания, Австралия жана АКШ баш болгон 10 өлкөгө жайылды. Илимпоздор жаңы мутация антителолорго туруштук берүүчү касиетке ээ деп чочулашууда.

«The Guardian» басылмасы Шотландиянын илимпоздорунун айтканына таянып, жаңы штамм «B-1525» деп аталарын жазды. Эдинбургдун адистери бул штаммды Дания, Британия, Нигерия, АКШ, Франция, Гана, Канада, Австралия, Иордания жана Испанияда алынган үлгүлөрдү анализдөө менен аныкташты.

Басылманын маалыматы боюнча, мындай штаммдын биринчи учурлары 2020-жылдын декабрь айында пайда болгон.

Окумуштуулардын айтымында, вирустун жаңы варианты Британияда кеңири тараган «B-117» штаммынан «E-484K» короналдык протеиндин мутациясы менен айырмаланат. Бул мутация вирусту антителолорго туруктуу кылат.

Мындай кырдаалдын артында шотландиялык адистер өкмөттү вирустун жаңы варианты аныкталган жерлерде көбүрөөк сыноолорду өткөрүүгө чакырышты.

ДССУ өткөн аптада дагы алты мамлекетте Британияда байкалган штамм аныкталганын жана ал жайылган өлкөлөрдүн саны 86га жеткенин жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости