www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Эсептөө палатасынын кызматкери кармалды

2021-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын УКМК ККК пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтарынын аймактары боюнча аймактык бөлүмүнүн улук инспектору «М.А.С.» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, Эсептөө палатасынын инспектору «М.А.С.» Ат-Башы районунун үч айылдык аймагында бюджеттин аткарылышы боюнча аудит жүргүзүп, текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечүүгө акт түзгөндүгү үчүн Нарын облусунун Ат-Башин районунун айылынын биринин башчысынан 60 (алтымыш) миң сом акча каражатын алган. Кармалган «М.А.С.» Нарын шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости