www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө 2021-жылы акыркы 75 жылда болуп көрбөгөндөй эң ири гуманитардык кризиске туш болуу коркунучунда турат.

Бул тууралуу БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасынын директору Дэвид Бизли уюмдун Башкы Ассамблеясынын COVID-19га каршы күрөшүүгө арналган атайын жыйынында билдиргенин "Ir.Sputnik" агенттиги билдирген.

Маалыматка караганда,  келерки жыл ушул этапта көргөнүбүздүн негизинде, катастрофалык болот. Бизли белгилегендей, куралдуу кагылышуулар акыркы төрт жылда ачарчылыктын алдында турган адамдардын санын 80 миллиондон 135 миллионго чейин көбөйттү. Бирок пандемиянын кесепетинен алардын саны 270 миллионго жеткенин кошумчалады ал.

"Биз 19 триллион доллар сарптадык жана 2021-жылы бизде мынчалык көп каражат жок болуп калышы мүмкүн, анткени биз экономикалык төмөндөөгө учурадык жана муктаждыктар эки эсеге көбөйдү. Бирок, биз керектүү каражаттарды чогулта алсак, дүйнө коомчулугу гуманитардык кризистен чыга алат", - деп баса белгиледи Бизли. "Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн досторума жана лидерлерге айткандай, кийинки жылы биз баардыгын каржылай албайбыз. Ошондуктан биз дестабилизация, ачарчылык жана миграция көйгөйлөрүнө биринчи кезекте көңүл бурушубуз керек", - деди БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасынын директору.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости