www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Африкада коронавирус инфекциясына караганда, безгектен каза болгондордун саны алда канча көп”,- деди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Африка боюнча регионалдык директору Матшидисо Моети.

Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча безгектен 400 миңге жакын адам каза болот. Алардын 90% дан ашыгы Африканын түштүгүндөгү Сахаранын жашоочулары.

Ошол эле учурда Африкада, анын түндүк бөлүгүн кошкондо, жыл башынан бери коронавирус инфекциясынан 50 миң адам каза болду.

“Дүйнөдөгү безгек боюнча абалы” тууралуу жаңы отчетту сунуштап жатып, Моети пандемия безгектен дагы 20-100,000 адамдын өлүмүнө алып келиши мүмкүн деп билдирди.

"Бул аймакта COVID-19 илдетине караганда безгек оорусунан өлгөндөрдүн саны көп. Эмне үчүн коронавирус жана Эбола вирустары чоң тынчсызданууну жаратат да, бирок жыл сайын жүз миңдеген балдардын өмүрүн алып жаткан безгек эмес коркунуч жаратпайт?" – дейт Моети.

Отчетто айтылгандай, акыркы 20 жыл ичинде безгекке каршы күрөштө бир топ ийгиликтер болуп, 1,5 миллиард учурдун алды алынып, 7,6 миллион адам каза болгон. Бирок, адистердин айтымында, коронавирус пандемиясы Африкада безгек менен күрөшүү боюнча бардык аракеттерди артка кайтарышы мүмкүн. Анткени, бүтүндөй күч аракеттер Covid-19 илдети менен күрөшүүгө жумшалып, безгек тууралуу көйгөй унутта калууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости