www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга окшогон таамай сөздү Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаев баса белгилеген. Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Нур-Султан шаарына барып президент Токаев менен жолугушту. Назрбаев менен жолугушуусу күтүлүүдө.
СССР
Сосна
СССР сосна жыттанып туруучу. «Эркин республикалар бекем союзу...» деп, СССРдин Гимни ушундай башталар эле. 1917-жылы Улуу Октябрь Социалисттик революциясы болуп, 1922-жылы декабрь айында СССР түзүлөт. 1936-жылы декабрдагы сталиндик Конституция 11 союздук республиканы тааныйт. Ал эми 1939-жылы СССР менен Германия Польшаны бөлүп алып, он алты союздук республика түзүлөт. Көп өтпөй Карелияга автономия берип 15 союздук республика калат. СССР, Батыш айткандай «Империя зла», 1991-жылы декабрь айында тарыхка билинбей сиңип кеткен, Беловеж токоюнда соснаны бойлошкон Ельцин, Шушкевич, Кравчук үчөө декабрь айында СССРди жок кылган. Назарбаев чакырылган бирок барбай койгон.
Артыкчылыгы:
СССР дүйнөдөгү эң зор мамлекет болгон, жана ага ааламдын жарымы баш ийип турган.
Кемчилиги:
СССРди партиялык абсолюттук монархия башкарган. СССРдин жол башчысы өлмөйүн башкара берчү.
КМШ
Банан
СССРдин убагында карапайым адам банан сатып ала алчу эмес. Банан СССР тараган соң, дүкөндөргө жык-жыйма толду.1991-жылы 17-мартта СССРди бөлбөйбүз деп көпчүлүк добуш берет. Ал эми 20- августта эркин республикалар эгемендүүлүккө кол коюшмак. Бирок 19-августта Форосто эс алып жаткан Михаил Горбачев кармалып, бийликти ГКЧП басып алышат. ГКЧП жеңилген соң республикалар өз алдынча кетип, он беш эгемендүү мамлекет түзүлөт. Балтика боюндагы мамлекеттер тизгинин тарттырбай түз эле Евросоюзга кирип кетишет. Калгандары КМШга баш кошот, кийин Владимир Путин айтып жатпайбы: «СССРди эстебегендердин жүрөгү жок, СССРди кайтарып келем дегендердин мээси жок» - деп. КПССти сүйгөндөр КМШны тоюз, ким бийликте болсо ошонун партиясын сүйүп келатат. Банан болсо деликатес болбой калды, балким жакында улуттук тамакка айланар.
Артыкчылыгы:
Жоктон көрө жогору.
Кемчилиги:
КМШда бирдиктүү бийлик системасы жок, ошол үчүн кээ бир мамлекеттер чукчуңдаша кетишет.15 республиканын бири Украина Москваны карап муштумун түйүп турат2019-жылдын 20-майында Владимир Зеленский президенттикке инаугурация кылып, мурунку союздаштары менен кызматташуу маселесин койду.
ШКУ
Лотос
Лотосту кытайлыктар абдан баркташат. Кескелдириктер кадырларын билбейм. «Кес куйругуңду, кес» - дешип, 1991-жылы Борбордук Азияны славяндар бөлүп салган. Ошондо Борбордук Азия биригишип, бир мамлекет түзүү тууралуу кеп болгон, бирок өз алдынча кетишкен. Түркмөнстанда газ, нефти чыгып «камчы салдырбай» кетти. «Газпромду» газы менен багып жаткан да Түркмөнстан. Азыр Иран – Түркмөнстан – Казакстан темир жолу курулду. Буларың Батышты көздөй «оюн салып» кетпесин деп, Ашгабатка катуу каптай баштады. Токаев да аркандын учун ыргытып турат. Деги энергияга бай Түркмөнстанга көз арткандар көп. Ал эми Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан Орусия менен Кытай сыяктуу зор державалар менен биригип, 1996-жылы «Шанхай бешилигин» түзөт. СССР тараганга чейин эле мурун согуштук чыр-чатактарга чейин чырлашып турган Кытай менен мамиле оңоло баштаган. СССР тарар менен Борбордук Азиядагы энергиялык запастар АКШ сыяктуу ааламга бийлигин орноткусу келген мамлекеттин көзүн кычыштыра баштаган. Муну сезген Орусия бул аймактагы өз таасирин сактап калыш үчүн, Бээжин менен бириге баштайт. 2001-жылы бул уюмга Өзбекстан кошулуп, «Шанхай алтылыгына» же Шанхай кызматташтык уюмуна айланат. Азыр Афганистан, Индия, Пакистан, Монголия, Иран сыяктуу лөк-мамлекеттер кошулабыз дешип жулунуп турушса, Белорус, Түркия, Шри Ланка «шире шаг» деп, ШКУ дегенде жалпаганынан жата кала баштады.
Артыкчылыгы:
Орусия НАТО сыяктуу зор уюмга тете, керек болсо зор стратегиялык уюм түзгүсү келет. Орусия экономикалык саясатын ЕвраАзЭС аркылуу чечип, ШКУ менен жалпы адамзаттын глобалдуу маселелерин чече тургандай.
Кемчилиги:
ШКУну Кытай «Шенген визасын» жүргүзгөн Евросоюздай кенен экономикалык уюм катары эсептегиси келет. Эгер Кытайдын оюна койсок, чек араны ачып, экономикалык кенен аймак түзүүнү каалашат. Албетте, АКШ сыяктуу зор мамлекеттер Кытайды экономикалык жактан муунтуп жатканда, кытайлыктар үчүн экономикалык кенен аймак керек. Бирок, зор аймакты тез эле каптатып жиберүү да мезгилдин талабы эмес..
ЕврАзЭС
Роза
Роза гүлү ажайып кооз жана кармайын десең тикенектүү. ЕврАзЭС да бир жагынан шилекей агызып турат, бир жагынан тикенектүү. ХVIII кылымда эле чүйлүк Атаке баатыр Санкт-Петербургга Екатерина II ге дипломатиялык элчи жиберген. Чүйлүк Байтик баатыр Кокон ханынын Бишкектеги чебин чаап, Орусияга кайрылат. 1863 –жылы Кыргызстан Орусиянын курамына кошулат. Чүйлүк Шабдан Алай ханышасы Курманжан датка менен жолугуп, түштүк эли каны жок Орусияга кошулат. Кыргыз атчандары 1812-жылы эле Напалеондон орустар жеңилип баратканда жардамга келген. Ал эми 1941-жылы өжөрлөнүп Гитлердин бир танкына бир кыргыз чыккан. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери Орусия менен экономикалык жактан тыгыз байланышта. Биздин мыкты уул-кыздарыбыз Орусия мамлекетинде иштешип, миллиардаган сом киреше түшүп турат. Биз кийин ачылган Кытайдын көпчүлүгү антисанитардык товарына караганда, Орусия, Казакстандын товарларын көп пайдаланабыз. Глобалдаштыруу заманында биз тандоо деген оор кыйынчылыкка туш келдик. Биз океандан алыс, оор географиялык аймакта жашап жатып, «Алыскы туугандан, жакынкы кошуна» -дегендей, эгерде биз «баурдасыбыз» Казакстан менен улуу Орусияны тандабасак, карышкырлар арасындагы козуга айланабыз. Мамлекет түзүүнү эңсеген Ормонхан айлана-тегерегине көз чаптырып, Орусия менен бир болууну ойлогон. Бүгүн да Кыргызстанга көз арткандар көп.
Артыкчылыгы:
Бир учурда СССРди эт, жүн, тери менен багып жатабыз, СССР тараса жыргайбыз дечүбүз. СССР тарады, биз көрсө чийки зат саткан мамлекет экенбиз. Баягы койлорубуз жоголуп шүмүрөйдүк. Азыр Кыргызстандын экономикасына Орусия чоң салым кошуп жатат. Угушубузча Орусиянын жаштары, күч органдары Бажы Союзга кирбеген мамлекеттердин жаранына, ачык эле кысым жасай баштады. Миллиондогон кыргызстандыктар Бажы Союзунда жашап жатышат. Биз Бажы Союзга кирип, алар көп жеңилдиктерди алышты. Алар «бычактын мизинде» жашашса да, биздин мамлекетте жашаган үй-бүлөсүн материалдык жактан камсыз кылып жатат. Ооба, «Хоргос» баш көтөрүп, келген товарлар сээлдеп, «Дордойдо» токсон миң жарандын жана «Кара-Суу» базарында Кытайдан келген товарлар сээлдеп калды. Бирок, ошол Кытайдын «чүпүрөктөрүн» сатып ала турган Орусия, Казакстан чек арасын бекитип салышса деле кыйынчылык түзүлмөк.
Кемчилиги:
Кыргызстан өзү айыл чарбалуу өлкө. Бажы Союзга кошулуп экологиялык жактан таза кыргыз айыл чарба продуктыларынын наркы бир аз көтөрүлдү.Ушул жерден бийлик катуу киришпесе, айыл чарба продуктыларын өндүргөндөр запкы жеп калышат. Дыйкандар өз продуктыларын өндүрөт, сатып ошону менен күн көрөт. Бирок ал кимге сатат? Ортомчуга, ортомчу баасын көбөйтүп, дагы бир ортомчу алып сатарга сатат. Эмнеге наркы көбөйөт? Ал ортомчу машинанын ээсине, майына жана башка чыгымдарга төлөйт, бул мыйзам ченемдүү. Мына ушул жерде алардын мойнуна кылмышкерлер, ар кайсы байлар минип алышат, аларга салык төлөш үчүн, продуктыны кымбат сатышат. Запкы жегендер баягы эле карапайым эл. Алар базардан кымбат продуктыларды алышат, ал эми өндүргөндөр деле жыргап кеткен жок. Алар өздөрүнө майда, өтпөй калган продуктыларды алып калышат, башка товарларды базардан алганы барышса кымбат. Ошондуктан, айрыкча күз маалында мамлекет дыйкандардан татыктуу сатып ала турган жайларды уюштуруп, жармаңке сыяктуу дыйкан түз аларманга сата турган жайларды түзүшү керек. Болбосо, Бажы Союзга кирип нарк көтөрүлгөнү менен көпчүлүккө эмне пайда? Бары бир базар баасы көтөрүлүп, ортодо ортомчулар гана байып жатышпайбы.
Евросоюз
Ёлка
Евросоюзда Казакстан да,Кыргызстан да камүчө эмес. Бирок экөөнүн тең кызматташтыгы бар.Кыргыз эли байыртадан жылды он эки айга бөлүп, он эки мүчөлгө топтоп Нооруз майрамын жаңы жыл катары майрамдап келишкен. Ал эми еврей Иса пайгамбардын туулган күнүнөн баштап жыл эсептөө биздин замандын 500 жылдан башаталып, 1000-чи жылдан киргизиле баштайт. Европалыктар 1-январды жаңы жыл кылышып, ёлка, аяз ата, аяз кызды киргизишкен. Орусияга Петр 1, кыргыздарга орус империясы киргизген. Ошол жыл менен эсептегенде 1951-жылы Парижде түзүлгөн экономикалык уюм, кийин 28 европалык мамлекетти бириктирген, евро деген валютасы бар, европарламент сыяктуу бир топ уюмдары бар союзга айланган. Грецияда экономикалык жактан кырдаал курчуп турат, бирок булар дүйнөлүк саясатка аралашып, өз капчыгынан акча бөлүп жүрүшөт. Биздин Адил атабыз (Атилла) байыркы заманда Рим империясын кулатканын эстей кетиштиби, же Евросоюздун мүчөсү Францияны Бородинодо орус аскери менен биригип таш-талканын чыгарганын эстеп кетиштиби, эптеп парламенттик шайлоого 10 миллион евро беребиз дешип, эреркеп турушат.
Артыкчылыгы:
Глобалдаштыруу заманында өлкөлөрдүн бириккени жакшы.
Кемчилиги:
Евросоюзда үч келишим бар 1985-жылы паспортторду жөнгө салган «Шенген келишими», Маастрих келишими боюнча Евросоюз 1992-жылы түзүлгөн, 1999-жылы евро кирген. Бул үчөөнө каалаган мамлекет кирет, каалабаган кирбейт. Улуу Британиялар еврого киришкен эмес. Швейцария, Лихнштейн, Норвегия деги эле Евросоюзга кирбей коюшкан. Ал эми «Шенген визасында» деле бир топ мамлекет жок.
Азизбек Келдибеков, "NazarNews.kg"