www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө өндүрүштүн көлөмү калыбына 3 жылдан кийин келет

Дүйнө жүзү боюнча өндүрүштүн көлөмү пандемияга чейинки абалына эки-үч жылдан кийин келет. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын башчысы Дэвид Мэлпаска шилтеме берип чет элдик маалымат булактар жазды.

"Кытай калыбына келе баштады. Бул нерсе түндүк-чыгыш Азияга да таасирин тийгизет. Ал тургай анын аркасы менен Япония акырындык менен оңолуу жолуна түштү. Ал эми жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн экономикасы күчтүү мамлекеттердин батыраак бутуна туруп алганы маанилүү. Анткени алардан ар тараптуу көз каранды", — деди Мэлпас.

Буга чейин Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму 2020-жылы дүйнөлүк ИДПнын көлөмү 4,2 пайызга түшүп кеткенин божомолдогон. Адистердин айтымында, дүйнөлүк экономиканын калыбына келишине жылдар талап кылынат. Ошондо дагы бардык мамлекеттер жана секторлор тегиз бутуна тура албайт.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости