www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

«SpaceX» жана «Tesla» ишканасынын башкы директору Илон Маск «Bloomberg» жарыялаган миллиардерлер рейтингинде үчүнчү орунду ээлеп, Facebookтун негиздөөчүсү Марк Цукербергди сүрүп чыгарды.

Агенттиктин маалыматына ылайык, 19-ноябрга чейин Масктын байлыгы 120 миллиард долларды түзсө, Цукербергдин байлыгы 103 миллиард долларды түзгөн. «Amazon» компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос 183 миллиард долларды түзгөн байлыгы менен рейтингде биринчи орунда турат, ал эми экинчи сапты 128 миллиард доллар байлыгы менен «Microsoft» корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс ээледи.

Масктын байлыгы «Tesla» акцияларынын баасынын көтөрүлүшү менен көбөйдү. Шаршемби күнү соодалашуу күнү аяктаганда, алар 10,2 пайызга кымбаттаган. Маалыматтарга караганда, бир акциянын баасы 486,64 долларды түзгөн. «Tesla» ишканасынын акциялары жылдын аягына чейин S&P 500 индексине кирет деген жаңылыктардан улам өсүп жатат.

«Forbes» журналынын миллиардерлердин күнүмдүк эсептелген рейтингинде бүгүн, 19-ноябрга карата Маск Цукербергден да ашып төртүнчү орунду ээледи. Бул рейтингде Безос 182,4 миллиард доллары менен кайрадан сап башында турса, экинчи орунда «Louis Vuitton»ишканасынын ээси Бернард Арно (139 миллиард доллар) турат, ал эми үчүнчүдө Билл Гейтс (118,6 миллиард доллар).

Маск «Tesla» ишканасынын 21% акцияларына ээлик кылат. «Forbes» журналынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери алардын акциянын наркы абдан жогорулады, бул ишкердин байлыгын кыйла көбөйттү. Ошентип, 18-марттан баштап, Масктын байлыгы дээрлик 76 миллиард долларга өскөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости