www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кубаныч Кадыровдун атасы район, облусту титиреткен партбосс болгон. Акаев бийликке келгенде терисин тескери кийип «демократка» айланган. Бакиев мындай «демократты» көчүккө тээп айдады эле, балмуздак жеп, «Түнкү клубдарда» шапар тээп чоңойгон уулу Кубанычбекти Атамбаевдин алаканына салып берген. Атасынын байлыгына эсирген СДПК фракциясынын депутаты Кубаныч Кадыров Балыкчы шаарында болгон кагылышты уюштуруп, саясий аренага чыккан. Канчалаган адамдар камалып, ал эми Кубаныч Кадыров Атамбаевдин акчасына чет мамлекетке качып, ээн-эркин жыргап жүргөн. Бийлик алмашаар менен келип Ички иштер министринин орун басары болот.Акчага талак болгон Кубаныч Кадыров бул милдетин абийир менен актабай, Убактылуу Өкмөткө таянып, ар кимдин мойнуна акча жүктөй баштайт. Алсак, Талапкер Кубаныч Кадыров Шакиге 500 миң доллар «грузить» этип ичин өткөзүп, чычкактаткан.Угушубузча Шаки Бабановго ыйлап барып, ал абиси Атамбаевге жалдырап, Кубаныч Кадыров кайрадан куугунтукка кабылган. Шакинин долларын ким алганы белгисиз Атамбаевби же Бабановбу?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости