www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөдөгү эң чоң чоку -- Эверест дээрлик 90 сантиметрге бийиктеди. Жаңы ченемди Непал менен Кытай жарыялады. Тоо аталган эки өлкөнүн чек арасында жайгашкан. Эми чокунун бийиктиги 8848 метр 86 сантиметрди түзөт.
Буга чейин Эвересттин бийиктиги расмий түрдө 8848 метр деп эсептелип келген. Мындай баа 1950-жылы Индия жүргүзгөн өлчөмдөргө негизделген.
Эверест боюнча маалыматтарды жаңылоо үчүн адистер эки жолу чокуга чыгышып, бир нече жыл бою тактоо иретинде ченемдерди жана эсептерди жүргүзүшкөн. Геологдордун айтымында, тоонун бийиктиги тектоникикалык плиталардын жылышы жана маал-маалы менен болуп турган жер титирөөлөргө байланыштуу өзгөрүп турат.
Булак: NazarNews.kg