www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түштүк кореялык белгилүү кинорежиссер Ким Ки Дук COVID-19 илдетинен улам каза болду
Канн, Венеция жана Берлин кинофестивалдарынын лауреаты Латвияга 20-ноябрда келген жана 5-декабрдан бери байланышка чыкпай келген, деп билдирди “Артдокфесттин” директору Виталий Манский.
Режиссер Латвияга Санкт-Петербургдан Эстония аркылуу келген. Расмий эмес маалыматтарга караганда, дүйнөгө белгилүү режиссер Юрмалада үй сатып алып, ал жерде жашоого уруксаат алууну пландап жаткан, бирок белгиленген жыйынга келген эмес. Андан кийин анын кесиптештери коңгуроо кагышып, ооруканаларда издей башташкан, бирок жеке маалыматтарды коргоо эрежелеринен улам аны табуу кыйын болгон.
Бүгүн режиссер ооруканада COVID-19 оорусунун айынан түнкү саат 1: 20да көз жумганы маалым болду.
Ким Ки Дук - эл аралык деңгээлде белгилүү Түштүк Кореялык кинорежиссер жана сценарист. "Пиета" жана "Бош үй" тасмалары үчүн Венеция кинофестивалынын, "Ариранг" тасмасы үчүн Канн кинофестивалынын, "Самариялык аял" тасмасы үчүн Берлин кинофестивалынын лауреаты.
Ошондой эле "Жаз, Жай, Күз, Кыш жана Жаз", "Созулган Жаа", "Убакыт", "Ыңыр" кинотасмаларынын автору катары белгилүү.
Булак: NazarNews.kg