www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Дүйшөн агай, интернет булактарында жана эл арасында “КСДПчылар революция жасаганга даярданып жатышабы?” ж. б.у.с. ой-пикирлер жаандан кийинки козу-карындардай эле жайнап кетти. Өзүңүз эл арасында жүрөсүз, буга ой-жүйөөңүз кандай?

— Кыска айтсак, КСДП деп тергеп отурбай эле Алмаз Атамбаевдин өзүн айта берели, 2010-жылкы кандуу-булоон революциядан кийин, ошондогу өздөрүн революция жол башчылары деп аташкан “14 оёндун” ичинен дал ушул Атамбаевди колдоп-жолдоп макалалар серияларын жазган элем. Атамбаевди эмне үчүн колдогом? Биринчиден, митинг-жыйындарда ал: “87 баланын арбагы урат! Биз таптаза иштешибиз керек, Кудай буюрса, бир жыл аралыгында эле жакшы турмушту сезе баштайсыңар…” деген сыяктуу жалындуу сөздөрүн ый, көз-жаш аркылуу айтып турса, улуу “Манастагы” чет Бээжин чегинде Аккуласынан жана Алманбет, Чубак, Сыргак баатыр чоролорунан айрылып, солкулдап ыйлаган байыркы Айкөл Манас бабабыздын образы көз алдыга кайра-кайра келген. Экинчиден, кандай болсо да адабиятчы — ​демек, адамдардын аң-сезимин, жашоо-турмушун жакындан, тереңден, чын дилден түшүнөт го, атаңдынгөрү дүнүйө, Акаев бүлгүнүнөн берки андаалаган аз кыргызды кайрадан чогултат, карайлаган турмушту оңдоп, адашкан акыйкаттыкты ордуна келтирет го деген үмүт өчүп-жанып турган… Эми андагынын бири жок, “Кетти булбул, өчтү гүл. Мейли ыйлагын, мейли күл…” дегендей ортодон кайран алты жыл өттү да кетти. Эми “КСДП революция жасайт” дегенди мындай кой, аларга “Оомийин, бүттү!” деп эле дуба кылып койсо болот да…

— Койсоңузчу анча катуу кетпей, кантип эле жакшы иштери эсте калбасын?

— Жакшыларын жазганбыз, “Датка-Кемин”, “Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары”, Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолу, коррупцияга каршы күрөштүн алгачкы аракеттери жөнүндө шыктанып жаздык. Суроо-талап, сын, сунуштарды да жаздык. Маселен, “Эл баатырлары чын эле баатырбы?”, дегеле социализм доорунан калган теңдемечилик оору — ​ар кандай наамдарды берүүнү токтотууну, Конституцияны кол жоолукка айлантпоону, ал тургай былтыркы 31-август — ​Эгемендик күндүн алдында:

“Дүйнө кезип кеткен миңдеген мигрант балдарыбыз акча салып, “ушулар оңолсо экен” деп бизди карап турушат. А биз ошолордун мээнетин актайлы да. “Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” деп кыргыз кайсарлыгынан айткан эмес. Карайлаган, далай жок болуп кайра телчиккен. Эсеби маселен, Талгарбеков, Асанов, Сарыгулов сыяктуулар ошончо эле коркунучтуу жообу? Отунбаевасын, Текебаевин деле үстөлгө отургузуп, сүйлөшсө кантип болбосун? Болот да. Кектешип, кубалашып, кыйынсынып атып эмне таптык? Эй тууганым, кубалашмай, боктошмой салтыбызды өзгөртпөйлүбү?…

…Урматтуу президент, бүт ааламга тегиз нурун чачкан ажайып Күн жарыктык да салтынан жазбай мээримин төгүп, мезгил да өз мыйзамында келет. Кудай буюрса, эки чоң майрамдын — ​Эгемендик күнү жана Курман айттын босогосунда турабыз. Жаратканга миң мертебе шүгүр жана каниетчилик дейли. Мына ушул Уулуу Күндүн урматына Айкөл Манас атабызга гана ыроолонгон айкөлдүктүн санжыргалуу салтын улап, коррупционер дейбизби, саясый дейбизби, айтор, жогоруда биз айтып өткөн айрым туткундарга колуңуздан келип турган мыйзамдуу укугуңузду пайдалануу менен мунапыс — ​кечирим жарыялап жиберсеңиз (!), тагдыр жолу татаал, башынан “кара булут” арылбаган кайран кыргыз элинин дагы да айталы, боктошмой, соттошмой, атышмай, кубалашмай, кектешмей, аңдышмай генетикалык кеселдүү кокуйгүн салтына революциялык улуу өзгөрүш болуп кетээр беле, атаңдынгөрү дүнүйө деген кыялкеч асыл ой каңгыган мээге капилет келип, кайрадан сизге, акыркы дебейли, кат жазып турганым…” деп жазган экемин мен кембагал.

Ошондой, бизге окшогон кишилер айтат экен, бирок аны окуп, угуп, аткара турган эл башчы бу шоркелдей кыргызга табылбай келатканы өзүнчө трагедия экен… Мына эми ошол Кудайды оозунан түшүрбөгөн Атамбаев жана атамбаевчилер чалган аталаны аш кылганды мындай кой, ошол атала — ​сай-сайлаган сан миллион доллар кредиттердин айынан тээ миң жылдан бери зарлап жеткен мамлекеттүүлүгүнө коркунуч келгенинен кыргыз бүгүн кокуйлап атат.

— Анда эми эмне кылуу керек дейсиз? Маселен, азыркы бийликке да күн өткөн сайын ар кандай пикирлер айтыла баштады. Бизге билимдүү, илимдүү, тажрыйбалуу эле адамдар бийликке келгенде тез өзгөрүп, кандайдыр бир маалкаткан, магдыраган ахыбалга келип калганы да элдин бир эсе таңгалдырып, бир эсе кыжырын келтирет экен…

— Эң туура! “Поезд жүрүп тургандай…” же телевизордон ар дайым көрсөтүп жаткандай кур көрсөтмөлүү, жайбаракат, өтө эле сабырдуу иш-ыкмалардан азыркы бийлик тез, чапчаң арылбаса болбойт. Кыргызда “Корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт” деген орой макал бар. Ооба, жанагы интернет деген балакетиңерден “Жээнбеков өзүн бийликке жетелеп келген Атамбаевди сатып кетти!” дегендей ойкелди пикирлер да айтылып жатат. Ким кимди сатты, эң башкысы эл жана Кудай тарабынан шайланган президент эл-журтун алдабашы, сатпашы керек жана мамлекеттин бекемдиги, тынччылыгы жана токчулугу үчүн каруусун казык, жүрөгүн байрак кылып иштеши керек. Ал эми дос, жар, тууган, мал, пул дегендердин баары эскиче айтканда, эл башчы, хан, ажо, падышанын алдында дегеле этибарга алынбай турганы абзел. Бул боюнча тарых бүктөмүнө кайрылсаң эң сонун далилдер жаркып турат. Колубузду көкүрөгүбүзгө коюп, ыйманыбызга камчы чаппай моюндасак, кыргыз элинин бүгүнкү ахыбалы менен Улуу “Манас” тарыхый дастанындагы Ала-Тоону Алооке чапкандагыдай тагдырдан айырмасы азбы? Андагы чачылган кыргызды Манас бириктирсе, бүгүнкү кыргызды Кытай кредити бириктирээр деген ой чыкыйга келет. Албетте акча берген Кытай жаман эмес жана да тээ Акаев доорунан бери арбынын саналуу эпчил чиновниктер ашап келаткан Батыш, Орусия, Түркия сыяктуу донорлордун акчаларындай оюнчук да эмес. Кыскасы, тээ жаралгандан эркин басып, эркин сүйлөп, эркин жашоо канына бүткөн аң-сезимдүү ак калпак кыргыздын азыркы көйгөйү, мындан 10, 20 же 50 жылдан кийинки урпактарынын тагдыры, эркиндиги, мамлекеттүүлүгү… Бул көйгөй, бул санаа кекиртегинен жылуу суу өтүп жаткан ар бирибизди тынч уктатпай турган кези…

— Кайда барбайлы камаш керек, соттош керек, кустуруш керек эле дешет. Элибиз айкандай “Эрегиштен эр өлөт!” демекчи, жамандыкты эле издей бербей балким башка натыйжалуу жолдорун караштырса болбойбу?

— Болот. Мына ошол улуу Кытайдын тажрыйбасын алсак, мурда “итке минген” элди акылман Ден Сяопиндин реформасы биздин эгемендик жылдардагыдай мөөнөттө эле жомоктогудай турмушка жетелеп чыкты. Ал эми дүйнөлүк экинчи согуштагыдай элди репрессиялап жок кылып жиберген Мао Цзедунду “Мао — ​биздин тарыхыбыз, тагдырыбыз, ал ошол боюнча калсын, биз жашоону жаңы барактан баштайлы, үйдүн эшигин бек жаап, форточкадан гана желдетип, “Ак мышыкпы, кара мышыкпы — ​чычкан алса болду” деген экономикалык ыкмаларды колдонобуз…” деген саясат жүргүздү. А бизде “Мурдагы көчтү улантуу…” жөнүндөгү ашмалтай ой башыбыздан кетпейт. Орой айтканда кескелдирик куйругун кескендей, — ​эски достук, туугандык, жердештик ж. б. “чылык” байланыштардан кол үзүп, ай, жыл эмес, ар күн сайын жаңылыктарды алып келе турган ийкемдүү, натыйжалуу жолдорду издешибиз керек эле…

“Мезгил мерес, айлар-жылдар топурап —

акты, агымга биз да алдандык шекилдүү.

Жалган дүйнө, жалган сүйүү,жалган жар…

Чындык кайда, таппай өттүм, кечиргин…” — ​деп, кайран акын эжекебиз Шербет Келдибекова кандай таамай жазган…

Ооба, кокус бийлик мурдагылардын жолоюн кайталап, айланасындагы көшөкөрлөрдүн жылуу мамилесине адаттагыдай көшүп, убакытты кашаңдата бере турган болсо, мезгилиң да токтобойт, жалган-чындык да аралаш улана берет. Албетте мындайга эл кургур баягыдай чыдап да, күтүп да турмакпы, анда эле улан-кыздарынын көбү жакшы жашоону издеп дүйнө кезип кеткен камаарабас, кенебес, кебелбес аз кыргызды мына ошол интернеттин саясий айдыңынан түшпөс Атамбаев 6 жыл ичинде улуу коңшубуз Кытайдан алып берген, канчасы алкымга кирип кеткен опсуз кредитинин кооптуулугу эл-журтту мурда болбогондой улуу күчкө бириктирет жана балким бул жашоонун саясий аренасына жаңы айкөл Манасы да жаралып калышы ажеп эмес…

Булак: “Жаңы Ордо”

Последние новости