www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-апрель кечинде Душанбеде кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны аяктады.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен анын тажикстандык кесиптеши Азим Иброхим жетектеген эки өлкөнүн расмий делегацияларынын жолугушуусу жабык өтүп, ага маалымат каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок.

Жыйындан кийин Азим Иброхим чек ара меселелерин чечүүдө «бир аз жылыштар» бар экенин айтып, жолугушуу жакшы атмосферада өткөнүн белгиледи. Ал сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу журналисттерге кийинчерээк маалымат бериле турганын билдирип, башка комментарий берүүдөн баш тартты.

Өз кезегинде Жеңиш Разаков дагы тажик жеринде мейман экенин айтып, сүйлөшүүлөр боюнча комментарий берген жок.

13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны окко учканын, бир нече адам жабыркаганын кабарлаган. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийген.

Эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин 18-мартта жаңжалдан соң жабылган Кыргызстандын Ош-Баткен-Исфана, Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жол ачылып, чырга себеп болгон Ак-Сай-Тамдык жолун куруу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости