www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Францияда 25чи жолу өткөн кайрымдуулук марафонунда СПИДге жана ВИЧ-инфекциясына каршы күрөш үчүн 4,5 миллион евро чогулду. Бул өнөктүк ВИЧтин алдын алуу программаларын жана илимий изилдөө иштерин каржылаган Sidaction бирикмеси тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келет.

Эл аралык француз радиосу (RFI) кабарлагандай, быйыл акция 5-6-7-апрель күндөрү өттү.

Sidaction акциясын жыл сайын жалпыга маалымдоо каражаттары кеңири чагылдырышат. Өткөн жума күнү Франциянын бардык негизги телеканалдары прайм-тайм убактысында ВИЧ-инфекциясына каршы күрөш үчүн кайрымдуулук кылууга чакырган кыска тасмаларды көрсөтүштү.

Былтыркы марафондо чогулган акча 37 илимий долбоорду каржылоого, 35 жаш изилдөөчүнү колдоого жана ВИЧтин алдын алуу боюнча түрдүү өлкөлөрдө жүздөгөн программаларды ишке ашырууга жумшалган.

Sidaction бирикмесин 1994-жылы Yves Saint Laurent мода үйүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири, меценат Пьер Берже менен актриса Лин Рено ачкан. Учурда аны дүйнө жүзүнө таанымал вирусолог Франсуаза Барре-Синусси жетектейт. Ал 1980-жылдардын аягында адамдын иммундук жетишсиздик вирусунун (ВИЧ) ачылышына катышып, 2008-жылы медицина боюнча Нобель сыйлыгын алган.

25 жыл мурда өткөн алгачкы Sidaction кайрымдуулук марафонунда актриса Клементин Селарье бул дарттын шилекей аркылуу жукпай турганын көрсөтүү үчүн ВИЧ менен ооруган адамды оозунан өпкөн.

БУУнун маалыматына караганда, 2016-жылы дүйнөдө ВИЧ-инфекциясы менен 37 миллионго жакын киши жашаган болсо, бул дарттан бир миллион адам каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости