www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-апрелде Ташкенттин Шайхантахур райондук салык бөлүмүнүн бардык 133 кызматкери жумуштан айдалды. Бул тууралуу аталган мекемедеги өз булактар билдиришти.

«Атайын отряд келип, баарыбыз өз каалообуз менен жумуштан кетүү тууралуу арыз жазышыбыз керектигин айтышты. Бул президент Мирзиёевдин буйругу деп, бир күндө 133 кызматкердин баары иштен алынды», — деп билдирди булак.

Өлкөнүн Мамлекеттик салык комитетинин басма сөз кызматы бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

4-апрелде Ташкентте салыктарды чогултуу боюнча пландын аткарылышына арналган өкмөттүк жыйын өтүп, анда президент Шавкат Мирзиёев борбордогу салык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин сынга алган.


Булак: NazarNews.kg

Последние новости