www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президентин шайлоодогу талаштуу Висконсин штатында демократиялык партиянын талапкери Джо Байден утуп чыкканын аймактын шайлоо комиссиясынын башчысы Энн Джейкобс расмий бекемдеди.

Джейкобс кол койгон документтерге ылайык, Байден азыркы президент Трамптан 20 700 добушка көп алган. Эми бул жыйынтыкты штаттын губернатору Тони Эверс тастыктоого тийиш. Бир нече саат мурда Байдендин утушун Аризона штатынын расмийлери билдиришкен.

Эске салсак, АКШ президентин шайлоо 3-ноябрда болуп өткөн. Трамптын шайлоо штабы добуш берүүдө жана аны саноодо мыйзам бузулду деген жүйө менен бир нече арызды сотторго жиберген. Бирок алардын дээрлик көпчүлүгү негизсиз деп четке кагылган.

14-декабрда АКШнын шайлоо коллегиясы өзүнүн отурумунда быйылкы президенттик шайлоодо ким жеңгендигин биротоло тастыктайт. Трамп мындан ары бийлик талашууга аракет кылбай кызмат ордун тынч өткөрүп бере турган болсо, Джо Байден 2021-жылдын 20-январында ант берип, кызматка чыгышы керек. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости