www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дзюдо боюнча Азия чемпионаты Бишкекте өтөт

Бишкекте дзюдо боюнча Азиянын жана Океаниянын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Улуттук дзюда федерациясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жакында эле Азия жана Океания дзюдо аткаруу комитетинин кезексиз онлайн федерациясы өтүп, ага Улуттук дзюдо федерациясынын президентти Жолдошбек Көлбаев менен башкы катчы Эркинбек Кадыркулов катышкан.

Коронавирус пондемиясына байланыштуу Монголияда Азиянын жана Океаниянын чемпионаты өтпөй турганы белгилүү болгон. Ошондой эле бул мелдешке катышууга Өзбекстан даяр экендигин айткан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө чемпионатка көп мамлекет келе албай тургандыгы да белгилүү болгон.

“Аткаруу комитети Азия жана Океаниянын чемпионатын 2020-жылы уюштурууну такыр эле жокко чыгарып, 2021-жылы Кыргызстанда Бишкекте өткөрүү чечимин бекитти. Улуттук федерация дзюдо сүйүүчүлөрүн күтүлүп жаткан тарыхый окуя үчүн куттуктайт”,- деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости