www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Египетте 100 жылга жакын убакыттан кийин дагы бир фараондун мүрзөсү ачылды. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.

Британиялык жана египеттик археологдордон турган изилдөөчүлөр дээрлик 12 жылдык эмгектин натыйжасында Нил дарыясынын батыш жээгиндеги Луксор шаарынын жанынан биздин заманга чейинки 15-кылымда бийлик  кылган Король 2 -  Тутмостун  мүрзөсүн табышты. 

Мүрзөнү королдук үй  - бүлөсүнө таандык аялдардын эс алуу жери экендиги болжолдолгон бир жерде тапкандарын белгилеген изилдөөчүлөр мүрзө бөлмөсүндө бул жердин бир фараонго таандык болушу мүмкүн экендигин көрсөткөн жасалгаларды аныкташты.

Изилдөөчүлөр мүрзөнүн ичиндеги акиташ ташты электен өткөрүп, алебастр идиштеринин сыныктарын табышкан, анда  2 - Тутмос  жана анын жубайы Ханыша Хатшепсуттун ысымдары жазылган.

Луксордогу Королдор өрөөнүндө көп жылдардан бери изилдөө жүргүзүп келе жаткан топтун жетекчиси, доктор Пирс Литерланд  алгач мүрзөгө алып баруучу тепкич тапкандарын билдирди.

Пирс Литерланд  12 жылдык эмгектен кийин жеткен мүрзө бөлмөсүндө үстүндө  сары жылдыздар болгон көк түстүү шыбынын бар экендигин мунун бир гана королдун мүрзөсүндө болгонуна көңүлдөрдү бурду.  

Биздин заманга чейинки 1493-1479-жылдары бийлик  кылганы болжолдолгон   2 - Тутмос 19 жашында Луксор шаарында каза болгон жаш фараон Тутанхамондун түпкү атасы болгон.

Фараон Тутанхамондун мүрзөсү британиялык археолог Ховард Картер жана анын командасы тарабынан 1922-жылы ачылган.

Последние новости