www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Агай Сиз, биринчи кезекте белгилүү окумуштуусуз. Билим берүү жана илимдин жаңылыктарын жана саясатын элге кеңири жайылтууга көп аракеттерди жасап жүрөсүз. Биз негизги темабызды талдоодон мурда Сиз, кесипкөй физик, илимдин доктору, профессор болсоңуз анан кантип саясатка келип калдыңыз?
Эсиңиздерде чыгаар. Улуу философ Аристотель убагында айткан экен: “Адам баласы төрөлгөндөн тартып эле саясатка жуурулушат!” – деп. Анын сыңары ар бир адам, ал өзү коомдун мүчөсү болгондон кийин сөзсүз түрдө саясатчы болууга мажбур. Башка маселе, ким кандай деңгээлде же мааниде саясат менен алпурушат? Кеп ушунда. Айрым адамдардын “мен саясатчы эмесмин, же болбосо бул жерден саясат издебейли, ж.б,у.с. сөздөрү күлкүңдү гана келтирет. Так ошондой сөздү айткан киши биринчи кезекте өзу саясатчы болуп эсептелет. Болгондо дагы өтө митайым, жоопкерчиликтен качкан, кайдыгерликти жамынган макулук деп койсок жарашат. Башка маселе – бул саясатты кесип кылып алган адамдар! Мен физик болууга да, саясатка да өзүмдүн каалоо менен эле келген жанмын. Экөөнү тең терең өздөштүрүүгө жан үрөп изденип келем. Болгону ушул.
Макул. Мен Сиздин көңүлүңүздү жакында боло турган бир, саясий окуяга бургум келет. Ал 2020-жылдын 2-мартында Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында орун алган тынчтык митинги. Бул иш-чараны Сиз баштаган бир топ адамдар уюштурушкан. Сиз ал митингдин модератору болгонсуз. Андан соң баш-аламандык башталып кетип, аягында Сиз баш болгон бир топ активисттер камакка алынгансыздар. Андан бери 5 жыл өтүптүр. Ошол окуялар эмнегедир коомчулукка көмүскө бойдон калып келет. Себеби эмнеде?
Ооба, убакыт учкан куш демекчи арадан беш жыл өтүп кеткенине өзүм да таң калып отурам. Бирок, ал кездеги окуялардын ар бир көз ирмемдери менин эсимде дагы деле кыттай сакталып келет. Анткени, ал иш-чаранын саясий мааниси абдан зор болчу! Жаңы Кыргызстандын башынан кандай гана оор сыноолор өтпөдү! 1991-жылы эле “ээрге кыйшык отуруп алган” өлкөбүз өз ыктыяры менен элдин ырыскысы болгон кубаттуу өндүрүшүн, агрардык инфраструктурасын кыйратып алган. Социалдык саясаты да түп-тамырынан бери талкаланып, б.а. билим берүү, илим, маданият, саламаттыкты сактоо, дин сөз эркиндиги, тарых, үрп-адат жана каада-салт сыяктуу фундаменталдык баалуулуктар Батыштын псевдолибералдык бузуку түшүнүктөрүнүн таасири менен катуу өзгөрүүгө дуушар болгон. Аягында карапайым эл көр-оокаттын айынан мекенин таштап сыртка чыгып өлбөстүн күнүн көрүп жашап калды эле го? Мындай абалдын негизги күнөөкөрлөрү болушкан мурдагы бийлик төбөлдөрү “кылдары кыйшайып койбой”, мамлекеттин бийлигин ээлеп, байлыгын тоноп, чартаңбай тээп калышкен. Ооба, элдин адам чыдагыс жашоосу акыры, эки чоң козголоңго алып келди. Бирок, ошол жек көрүндү бийликтин башчылары өлкөдөн качып кетишкенден кийин деле турмуш жеңилдеп кеткен жок го? Тескерисинче, Убактылуу Өкмөт, атамбаевдик-жээнбековдук бийлик төбөлдөрү деле мурдагыдан көп эселеп элдин турмушун оорлотуп коюшту. Анан элим-жерим деген кайратман эл баатырлары чыгат экен да. Мисалы, азыркы президент Садыр Жапаров баш болгон бир топ эл уулдары бийликтин осол иштерине каршы чыгышты. Натыйжада, аябагандай чоң куугунтукка дуушар болушту. Бир тобу жер которуп чыгып кетишсе, кээ бирлери бийликтин тузагына илинишип түрмөлөргө түшүштү. Гениалдуу Лев Толстойдун калемине таандык болгон “Облонскийлердин үйүндө баары аралашып жатып калды” деген учкул абал дал ушул Кыргызстанда орун алды. Бийлик авансценасына жер сууну-куруткан шүдүңгүт саясатчы болумуштар, соода-сатыктын ырайымсыз чеберлери болушкан кызыл-кулак көпөстөр, жер-сууну, кен-байлыктарды аталарынан энчиге тийгенсип, каалагандай сатышкан чиновниктер чыга келишти го, чиркин! 1932-жылы белгилүү швед саясатчысы Харс Ёнсен айласы мукураганда мындай ойлорду түз эле парламентте айткан экен: “Эгерде, окумуштуулар, инженерлер, врачтар, акыл эмгегинин өкүлдөрү, б.а. улуттун түсү болгон интеллигенция өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушса, анда мындай мамлекеттин башына “бизнесмен болумуштар” келишет. Ал эми плебейлер, көчө шүдүңгүттөрү саясатчы болуп алышат. Базарчы чайкоочулар болсо депутат болушат”! Дал ушул кырдаал 2019-2020-жылдары бизде өз апогейине жетип отурбайбы!?
Садыр Жапаровдун ошол кездеги тагдыры жалпы кыргыз элинин башына түшкөн жагдай менен тыгыз байланышкан. Ар бир жапа чеккен кыргыздын уулу же кызы Садыр мырзанын баскан жолун кайталоого даяр болгон абал түзүлгөн. Ошондуктан ал инсандын ак жерден эле 11 жылга кесилип кеткен азаптуу тагдырын ар бир эле адилеттүүлүктү эңсеген жана аны талап кылган жаран өзүнүн жеке трагедиясы катары кабыл алган. Албетте, ал кездеги бийликке жантыгынан жата калып, жасакерленген “саясатчыларды” эске албаганда. Ошондуктан Садыр мырзаны өлкөнүн баардык булуң-бурчунан катуу колдоолор орун алды. Бийлик шаштысы кетип, ар кандай мыйзамсыз аракеттерди күчөтө баштаган. Мага түз суроо бердиңиз, мен да түз эле жооп берейин. 2019-жыл ичи өлкөнүн дээрлик баардык эле аймактарында соттун Садыр мырзага чыгарган акыйкатсыз өкүмүнө каршы тынчтык митингдери уюштурула баштаган. Тилекке каршы, ал иш-чаралар алдын-ала кынтыксыз даярдалбай, баш-аламан болгондуктан, анын катышуучулары бир топ мыйзам бузууларга жол беришкен жана бийлик тарабынан кармалып-камалышып азап-тозокторду тартышкан. Мындай көрүнүштөр, мисалы, Тоң, Түп, Жети-Өгүз, ж.б. райондордо да орун алып бүт өлкөгө билинген болчу. Натыйжада, элдин кыжыры күчөп өлкөдө дагы бир козголоң чыкчу абал түзүлүп келе жаткан.
Агай Сиз өзүңүз кандай аралашып калдыңыз? Садыр Жапаров менен мурда жакын тааныштыгыңыз бар беле?
Жакын тааныштыгым бар болчу деп айта албайм. Мен ал инсан менен Жогорку Кеңештин V чакырылышында чогуу депутат болуп иштегенбиз. Эки башка партия менен. Бирок, парламенттин ишинде бир топ эле пикирлештер катары мен ал кишини абдан сыйлачумун. Өтө активдүү депутат болчу. Жаш болсо дагы, өз беттегенин бербеген, кайраттуу жана патриот жаран катары билчүмүн. Сот реформасын баштоо, жер-сууну, кен-байлыктарды коргоо боюнча, айрыкча, “Кумтөр” мафиясына чечкиндүү каршы күрөшүү аракеттери көбүбүздүн купулубузга толуп тургандыгы чындык. Ошондуктан, Садыр инибиз түрмөдө жатканда, б.а. 2019-жылдын күз айларында анын жакын санаалаштарынын биринин мага кайрылганы анык. Мени, аксакал катары, жогорудагыдай саясий иш-чараларга катышып, керек болсо аны уюштуруп жана өткөрүүгө кол кабыш кылуумду суранган. Макул болдум. Ушул! Биз, чаржайыт эле митингдерди өткөрүп жүрө берүүдөн кайтып, бир нече интеллектуалдык иш-чараларды уюштурдук. Алсак, 2019-жылдын 19-декабрында Бишкектин Горький паркында расмий руксат менен тынчтык митингин өткөрдүк. Анын алдын-ала “Илбирс” АКнун имаратынын 30-бөлмөсүндө “Садырды Коргоо комитетин” түзгөнбүз. Биргелешип иш-пландарын бекитип, аны ырааттуу түрдө жүзөгө ашырууга киришкенбиз. 2020 -жылдын 15-январында ал инсандын камалуусунун юридикалык аспекттерин талдаган илимий-практикалык конференцияны “Достук” мейманканасынын залында уюштурганбыз. Өлкөдөгү белгилүү юристтер, саясатчылар доклад жасашкан. Мен модератор болгомун. Баардык илимий маалыматтар Садыр мырзанын кесилип кетиши мыйзамды одоно бузгандык менен коштолгонун кашкайтып далилдеген. Мен ал конференциянын спикери болдум. Андан сырткары, биз “24.kg” жана “Акипресс” маалымат агенттиктери аркылуу баардык маалыматтарды жана конференциялар менен митингдердин материалдарын так жана туура кылып элге маалымдаганбыз. Абдан зор резонанстар болгон. Садыр мырзанын адилетсиз жазага тартылышына нааразы болгон элдердин саны күндөп өсө баштаган. Акыры, Комитеттин чечими менен 2-мартта жогоруда Сиз белгилеген Ала-Тоо аянтындагы митинг уюштурулган.
Эми ошол митинг тууралуу айтсаңыз, агай. Биз баарыбыз күбө болгондой митингдин аягы тополоң менен бүттү. Акыры укук коргоо органдары катуу чара көрүшүп, Сиз баш болгон бир топ адамдарды кармап кетишкен!
2020-жылдын 2-мартындагы карапайым элдин тынчтык митингинин жаңы Кыргызстандын тарыхында өзгөчө мааниси бар экендигин баса белгилеп айтып койгум келет. Нааразылык митингдердин басымдуу көпчүлүгү бийлик төбөлдөрүнө каршы саясий талаптар менен чыкчу. Элдин назарын курчуткан “кетсин, жоголсун”, аттуу радикалдык лозунгдар менен коштолчу. Ал эми биз көңүл буруп жаткан акция бир гана талап менен чыкты! Президент Жээнбековдон адилетсиз соттолуп, камакта жаткан Садыр Жапаровго мунапыс же ырайым талабы гана коюлган. Мен бул митингдин модератору катары кээ бир радикалдык чакырыктарга катуу тыюу салып турдум. Бирок, көпчүлүк деген аккан сел болот. Ораторлор ар кандай чакырыктарды дагы айтууга үлгүрүп жатышты. Бирөөлөрү ойлорун ыр менен билгизсе, кээ бирөөлөрү ыйлаганга чейин барышты. Бирок, басымдуу көпчүлүктүн эң башкы тилеги элдин сүймөнчүгүнө айлана баштаган Садыр мырзаны түрмөдөн чыгарып алуу гана болгон. Митинг жакшы уюштурулган. Бирок, анын аяктоо стадиясында элдин ичинен алдын-ала уюштурулган провокациялар чыгып кетти. Аны бийлик өзү атайы уюштурду жана күч менен басты. Мен баштаган отуздай адамдар кармалдык. Менден ошол күнкү элдик толкундоонун натыйжаларын азыркыга чейин сурап калышат. Менин терең ишенимим боюнча 2020-жылдын 2-мартындагы митинг кийин күздө орун алган элдик толкундоонун мыкты жарчысы боло алды деп белгилээр элем. Мындай тарыхый феноменди орус жазуучусу жана ойчулу Максим Горький Улуу Октябрь революциясынын “Буревестниги” деп бекеринен айткан эмес. Эки учурда тең аталган тарыхый окуялар көп жылдан бери жек көрүндү болуп келген башкаруу системаларына каршы элдин көтөрүлүшүнө чыныгы жарчы болуп берген функцияларды аткарышкан! Мындай тарыхый моменттерде элдин талабын аткарууга кол кабыш кылган аракеттерибизге мен эч качан өкүнбөймүн! Ошондуктан, аталган митингдин тарыхый ролу абдан зор болгондугу чындык! Эң башкысы эл ойгонду! Эми муну кесипкөй тарыхчылар изилдеп чыгышып, Кыргызстандын тарыхынан татыктуу ордун ыйгарышаар!
Булак: "Азия ньюс" гезити