www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын Мугла провинциясынын тургуну Беррин Налжы 50 жашында аны багып чоңойткон адам чындыгында анын биологиялык атасын өлтүргөнүн билди. Бул тууралуу NTV телеканалына таянып РИА Новости билдирди.
Налжы өмүр бою Махир Аййылдызды өзүнүн атасы деп эсептеп келген, бирок 2023-жылы анын карындашы ага мурас алуу укугу жок экенин айткан.
Аял сотко кайрылып, туугандык байланышты аныктоо үчүн ДНК-тесттен өтүп, натыйжада Аййылдыз менен эч кандай тууганчылыгы жок экени белгилүү болгон.
"Көрсө, анын чыныгы атасы Акъяка шаарынын эң бай адамдарынан болгон Мустафа Уянык экен. Ал 42 жыл мурун, 1982-жылы, токойдо өлтүрүлгөн. Налжы Уянык менен Фатма Аййылдыздын "тыюу салынган сүйүүсүнөн" төрөлгөн экен. Фатма бул сырды жашырып, баланын атасы катары Махирди көрсөткөн. Ал эми Махир токойдо Уяныкты өзүнүн аялы менен кармап алып, аны өлтүргөн", – деп билдирет телеканал.
Түрмөдөн чыккандан кийин Махир аялына кечирим берип, кызды өзүнө багып алган.
"Бул мен үчүн чоң сокку болду... Мен эч качан байлык үчүн күрөшкөн эмесмин, сотко да жөн гана акыйкаттык үчүн, өзүмдүн чыныгы атам ким экенин билүү үчүн кайрылгам. Эми мен тынч уктай алам, суроолорум калбады, мен атам ким экенин так билдим. Эгер ушундай сюжет менен тасма көрсөм, катуу таң калмакмын", – деп билдирди Налжы.