www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия президенти Владимир Путин Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
«Владимир Путин мураскор ханзааданы, Сауд Аравиясынын жетекчилигин жана элин мамлекеттин негизделген күнү менен куттуктады. Ошондой эле 18-февралда Эр-Риядда өткөн россия-америкалык сүйлөшүүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, коноктой кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди», – деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамп февралдын аягына чейин сүйлөшүү өткөрүшү мүмкүн экенин билдирген.
АКШ жана Канада институтунун башкы илимий кызматкери Владимир Васильевдин айтымында, Москва менен Вашингтондун жогорку деңгээлдеги байланышы жакын арада күтүлүүдө. Ал «Абзац» басылмасына берген маегинде эки өлкө ортосундагы айрым маанилүү маселелер президенттердин сүйлөшүүсүнөн кийин гана ачык айтылышы мүмкүн экенин белгилеген.