www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки балыкчы чөгүп кетти

Тоң районундагы Кара-Талаа айылынын "Арал" участогунда 11-декабрь күнү кечинде эки балыкчы чөгүп кеткен.

Окуя болгон жерге Тоң районунан куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү эл барган. Издөө иштеринин жыйынтыгында Кара-Талаа айылынын 43 жана 50 жаштагы тургундарынын сөөгү 3 метр тереңдиктен, жээктен 20 метр алыс жерден табылды. Балыкчылардын кайыгы суунун астында калган.

Куткаруучулар сөөктү Тоң райондук милиция кызматкерлерине тапшырып берди. Укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын аныктап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости